Өкмөт: "Манас" жана "Ош" аэропортторун сатуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатат
Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аба майдандарын сатууга байланыштуу маалымат берди. Анын билдиришинче, аэропорттор Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кеңешинин негизинде сынак менен сатылбай калганын билдирди.
"Эгер биз IFC аркылуу сынак уюштура турган болсок, ал үч жылга чейин созулуп кетет экен. Биз төрт-беш чоң компания менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Ким эки жылдын ичинде бүтүрүп берсе, 50% ашык кирешесин бизге берсе, биздин талапка жооп берген учуп-конуу тилкесин, аэровокзал жана жүк терминалдарын курса, туристтердин санын көбөйтөм десе, ошолорго беребиз. Бизде жумушчу топ түзүлүп, азыр иргеп жатабыз",-деди Акылбек Жапаров.
Ушул жылдын июль айында кыргыз өкмөтү “Манас” жана анын курамындагы “Ош” аэропортун сырткы башкарууга берүүгө байланыштуу түркиялык YDA INŞAAT компаниясы менен келишим түзүүдөн баш тарткан. Анда Акылбек Жапаров "эки ири аэропортко байланыштуу келишимден "Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбаганына байланыштуу баш тартканын" билдирген.
Анын алдында бир катар депутаттар стратегиялык объектилер түшүнүксүз, бүдөмүк жагдайда белгисиз компанияга узак мөөнөткө сырткы башкарууга берилип жатканын сындап чыгышкан.
Ошол маалда өкмөт башчы аэропортторду IFC берген кеңештин негизинде сынак аркылуу сырткы башкарууга берүүнү көздөгөнүн, бирок конкурска катышууну каалаган башка чет элдик компаниялар Кыргызстандын шартына көнбөй койгонун билдирген.
"Манас" жана "Ош" аэропорттору Кыргызстандагы эл аралык макамга ээ эң ири аба майдандар. Эки аба майдан тең “Манас” ачык акционердик коомунун курамына кирет жана өлкөдөгү кирешелүү компаниялар болуп саналат. Садыр Жапаров былтыр 3 миллиард сом таза киреше менен чыкканын айткан.