Президент должен помочь и остановить беспредел и вседозволенность директора ЦОВП Кара-Суйского района Кадыра Аталиева
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
АЧЫК КАТ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө, мен Бегматова Дамира Кара-Суу районунун Жалпы Дарыгерлик Практикалык Борборунун мурдагы жетекчиси болгонмун Сизге саламаттык сактоо тармагында мыйзамсыз аракеттер жөнүндө кайрылып жатам.
02.12.2021 жылдан аталган Борборго жетекчиликке дайындалып, иштеп жаткам. Бирок, 02.12.2022 жылы менин эмгек оргуум учурунда мыйзамсыз, менин макулдугумсуз оргуумду жокко чыгарып, КР Саламаттыкты сактоо министри Г.М. Баатырова кызмат ордумдан мыйзамсыз бошотуп койгон.
Министр Г.М. Баатырова КР Эмгек Кодексинин талаптарын одоно түрдө, мыйзамсыз бузганы үчүн Ош облусунун Эмгек коргоо инспекциясына, КР Башкы Прокуроруно, Медицина тармагынын Профсоюз уюмуна жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Сотуна кайрылгам. Анын жыйынтыгында Ош облусунун Эмгек коргоо инспекциясынын жана профсоюз уюмунун корутундуларына ылайык эмгек оргуу учурунда эмгек оргууну жокко чыгарганы мыйзамсыз деген корутундулар берилген. Ал эми, Биринчи Май райондук сотунун, 01.03.2023 жылдын Иш № ГД-5650/22Б3 чечими менен КР Министри 02.12.2022 ж. №265 буйругу мыйзамсыз деп табылып, Бегматова Д. жумуш ордуна кайрадан орноштурулсун деген чечим чыгарылган.
Бирок, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бул чечимге карата Бишкек шаардык Сотуна аппеляциялык арыз берилип, соттун 16.05.2023 жылдагы чечими менен бир жактуу талаш мүнөздөгү чечим чыгарылган. Андыктан Жогорку сотко даттанып жатам.
Мындан сырткары, эң орчундуусу, бүгүнкү күндө менин кызмат ордума келген Аталиев Кадыр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүм билемдик менен, жетекчилик этиканы сактабай, кызматка келген күндөн тарта өзгөчө көп жылдык тажрыйбасы бар Кара-Суу ЖДПБнын кызматкерлерин кызматтан кысым көрсөтүү, коркутуу жолу менен мажбурлап арыз жаздырып, кызмат ордунан мыйзамсыз бошотуп жатат. Алардын ордуна өзүнө караштуу дос, жердештерин кызматка коюп жатат.
Бул боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн, бирок жумуштан мыйзамсыз алынган кызматкерлерге кысым болуп, алар “өз каалосу” менен жумуштан кеткен деген мазмунда түшүнүк каттар жаздырып алынган. Бирок, ишти бир жактуу эмес, объективдуу текшерип жана аларды коопсуздугун камсыздаса, алар жумуштан мыйзамсыз кеткени жөнүндө көрсөтмө берүүгө даяр. Анын жыйытыгында Кара-Суу ЖДПБнын 11 кызматкери мыйзамсыз кызмат ордунан алынып, четтетилген.
Учурда К.Аталиев тарабынан Кара-СУУ ЖДПБнын ишин алга жылдыруу ордуна мени кайра кызмат ордума кайтып келүүмө богот коюу максатында ар тараптан, мыйзамсыз текшерүүлөрдү уюштуруп, мага моралдык давление жасап жатат. Иш кагаздарына бурмалоо жасап, анын негизинде финансылык иш кагаздары бурмаланган. Эсептөө палатасы текшерген мезгилде, К. Аталиев өзү атайын чакыртып Министрликтин аудити (Ногойбаев) тарабынан 2 жолу текшертип, андан сон Башкы Прокуратура (Д. Асилов) менен аудит кызматкерлери тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип жатат. Бул текшеруулордун аягы жоктой, текшеруунун жыйынтыгы жакшы чыкканына нааразы болуп К. Аталиев кайра-кайра текшерүүлөрдү улантууда. Ошол эле учурда Эсептөө палатасынын текшерген актысында зыян аныкталган эмес.
Буга карабастан К. Аталиев азыркы учурда мага карата эле каршы иштерди жургузуу менен алек болуп, өзүнүн негизги кызматын аткарбай жатат. Башкача айтканда, пландуу түрдө ооруканада дары-дармек, азык-туулук, эт, чарба буюмдары, самын, салфетка, канцтоварлар жана башкаларга товарларга өтөлүүчү тендерлер өз убагында өткөрүлбөй. Ооруканада негизги керектелуучу кээ бир нерселер жетишпей жатат. Натыйжада бейтаптар өз каражаты эсебинен сатып алууга мажбур болушкан жана конституциялык укуктары тебеленген. Ошондой эле, эң орчундуу болгон элге кызмат көрсөтүүчү Тез жардам автоунааларына тетиктер, мотор майлар жок, кээ бири токтоп турат. Себеби аларды сатып алууга тендерлер өз убагында өткөрүлгөн эмес. К. Аталиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өз милдеттерин аьтткарбай, тендерлерди өз убагында өткөрбөй, КР Өкмөтү ажыраткан акчаны өз убагында иштетпей жатат.
Ушуга байланыштуу менин кызмат ордумдан мыйзамсыз бошотулганым жана мага карата жеке Министрликтин каршылыгын эсепке алып, Сизден жардам сурап, адилетту чечим чыгарып берүүнүздөрдү жана К. Аталиевдин жети айлык иштеген мезгилде ишмердуулугун толук, ар тараптуу текшерип, анын иш-аракеттерине юридикалык баа берүүнүздү суранам.
Д. Бегматова, 19.05.2023 ж.