Главные новости Соль-Илецка
Соль-Илецк
Апрель
2020

Казакстан кыргыз жарандарын өз аймагынан өткөрүүдөн баш тартты

0
Республикалык штабдын маалыматында, жүзгө жакын кыргызстандыктар орус-казак чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарындагы мейманканаларга жайгаштырылды.


“Үч үй-бүлөгө Соль-Илецк шаарынын мусулмандар башкармалыгынын колдоо көрсөтсө, 15ке чукул айдоочу өз каалоосу менен автоунааларында калууда”, - деп билдирди республикалык штаб.


Кыргызстандын жарандарын алып кетүү үчүн транзиттик жол уюштуруп берүү тууралуу өтүнүчүн коңшу өлкө четке каккан. Казакстан мунун себебин өлкө аймагына өзгөчө абал жарыяланганына жана оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштырган.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтып келе жатып чек арадан өтө албай калган жарандардын маселесин чечүүгө аракет кылып жатканын кабарлады. (TSh)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *