Главные новости Терека
Терек
Май
2018
1
2
3
4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28 29 30
31

Чаткалда кендин зыяндуулугуна каршы элдик жыйын өттү

0
Чаткал менен Ала-Буканын жашоочулары аймактагы алтын казуучу компаниялардын экологиялык эрежелерди сакташына көзөмөл жүргүзүүнү талкуулаган элдик жыйынга чогулушту. 


Митинг Терек-Сай айыл аймагында бүгүн болду. Ага саясатчы Адахан Мадумаров катышты. Уюштуруучулар жыйынга жергиликтүү бийликтин, кен иштеткендердин өкүлдөрү да чакырылганын, бирок эч ким келбегенин кабарлашты. Мадумаров азыркы "бийлик элдин талабына көңүл бурбай жатат" деп сындады. 


Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев аймакка эки фабрика курула турганын айтып, алар экологиялык эрежелерди сактоого кепилдик бергенин билдирген.


Тургундар жогорудагы талап менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.


Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы кен чыккан жерлерде Кытайдын, Казакстандын биргелешкен компаниялары иштейт. (SE)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *