Главные новости Терека
Терек
Январь
2021

Сокулуктагы өрттө төрт киши түтүнгө ууланды

0
Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, төрт адам иске ууланды. Арасында карыя киши жана балдар бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, өрт 11-январда түндө чыгып, батирдин 10 чарчы метри күйгөн. Түтүнгө ууланган төрт адам: 90 жаштагы карыя, 45 жаштагы эркек киши , 15 жана 12 жаштагы эки кыз ооруканага жеткирилген. Дагы сегиз адам коопсуз жакка эвакуацияланган.



11-январда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 12 өрт катталган. Басымдуу учурда өрт кырсыктарына кургак чөптүн күйүшү, жаш балдардын от менен ойногону себеп болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.



1-январь түнү Сузак районунун Кашка-Терек айылында көмүр исине ууланып төрт адам: 30 жаштагы келин, анын тогуз жаштагы жана төрт жаштагы эгиз уулдары каза болгон.



Декабрь айында Нарындын Кочкор районунда иске ууланып төрт киши: жаш келин үч кызы менен кошо көз жумган. Беш жаштагы уулу аман калган. (ZKo)




 














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *