«Кыргызалтын»: Терек-Сайдагы кырдаалдын кесепети ыкчам жоюлду
Мекеменин маалыматына караганда, окуяга байланыштуу “Кыргызалтындын” жетекчилигинен жана тийиштүү адистерден турган ыкчам штаб түзүлгөн. Сууну сордуруп алуучу насос оңдолуп, тоонун боорунда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кырдаал жөнгө салынып, ишкананын көзөмөлүндө турат.
23-январда алтын кенин иштетүүчү «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасына караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип, сайга кошулган. Жергиликтүү бийлик калдык түшкөн жердин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей турууну эскерткен.
Биргелешкен ишкананын капиталынын 75% Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясына, 25% Кыргызстандын «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.
Өкмөттүн маалыматына караганда, «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында 646 адам иштейт, алардын 90% жергиликтүү тургундар.
Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу жылына 1 миллион тонна кенди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. (RK/TB)
