Москва облустук думасынын депутаты коронавирустан каза болгону кабарланды
Орусиянын Москва облустук думасынын депутаты, “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын башчысынын орун басары Иван Жуков каза болду. 63 жашта депутаттын каза болгону тууралуу кабар думанын сайтына жарыяланды. Анда Иван Жуков мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы тууралуу айтылат. "Вести Подмосковья" басылмасы жана Богородск шаардык аймагынын башчысы Игорь Сухин депутаттан коронавирус инфекциясы аныкталганын жазып жатат. Жуков Москва облусттук думасында 20 жылдан ашуун депутат болгон. Ал бир нече чакырылышта “Бирдиктүү Орусия” фракциясын башкарган. Читать дальше...