Транспорт министрлиги жол оңдоого жаңы техникаларды сатып алат
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган 669 даана жаңы техникаларды сатып алат. Жабдуулар мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынарын аталган министрлик 23-мартта кабарлады. Өткөн жылы 2022-жылы 32 техника алынган. Ага жалпысынан 2 млн. 353 миң доллар каражат бөлүнгөн. 2015-2023-жылдар аралыгында алынган техникалардын көрсөткүчтөрү: 2015-жылы Жапония өкмөтүнүн JICA долбоору аркылуу 355 техника жардам катары келген. 2016-2017-жылдары көзгө көрүнөрлүк техника сатылып алынган эмес. Читать дальше...