«Альфа Телекомду» сатууга эл аралык уюм көмөктөшөт
«Аталган уюм бизге сиздер шарттарыңарды айтсаңар, байланышыбыз бар ар кыл эл аралык фонддор менен сүйлөшүп, жардам берели дешти. Бул ачык-айкын өтөт. Мамлекеттик органдар конкурсту өткөргөн жергиликтүү гезиттерге жарнама берет. Демек, бул эл аралык инвестор кабарсыз дегенди түшүндүрөт», - деди Момункулов.
Өкмөт "Альфа Телекомду" алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган.
Акыркы жолу түз сатууда орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Бирок коомчулуктагы сын-пикирлерден улам аталган ишкер менен келишим түзүлгөн эмес.
Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) - Дүйнөлүк Банктын курамындагы уюм. Ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жеке ишкерликти колдоо жаатында иш алпарат.
