Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 01.01.2018

Иран: кан төгүүгө жеткирген нааразылык

Azattyk.org 

Иранда 28-декабрда башталган, он миңдеген адамдар катышкан толкундоолор токтой элек. Өлкө президенти нааразылар көтөргөн көйгөйлөр бар экенин моюнга алды. Бул тапта АКШ-Иран жетекчилиги кайрадан кайым айтышууда.

Ирандагы башаламандыкта өлгөндөрдүн саны өсүүдө

Azattyk.org 

Жалпысынан Иранда өкмөткө каршы акыркы беш күндөн бери өтүп жаткан демонстрациялар учурунда өмүрү кыйылгандардын расмий эмес саны 22ге жетти. Ирандагы нааразылык иш-чаралары 2009-жылдан берки эң ири нааразылык толкуну катары каралууда. Анда эл Махмуд Ахмединежаддын президенттикке шайланышына каршы чыгышкан эле.

Иранда өлгөндөрдүн саны онго жетти

Azattyk.org 

Ирандын мамлекеттик телеканалы өткөн суткадагы башаламандык учурунда өлгөндөрдүн саны 10 кишиге жеткенин кабарлады. Ирандагы нааразылык иш-чаралары 2009-жылдан берки эң ири нааразылык толкуну катары каралууда. Анда эл Махмуд Ахмединежаддын президенттикке шайланышына каршы чыгышкан эле.

Трамп Пакистанды зекиди

Azattyk.org 

АКШ президенти Доналд Трамп Пакистанды экстремисттерге башпаана берип жатат деп айыптап, буга байланыштуу миллиарддаган доллар жардамын кыркып саларын айтып коркутту. “Акыркы 15 жылда АКШ акылсыздык менен Пакистанга 33 млрд доллардан ашык жардам берип келди. Бул үчүн алар жалганчылык менен куулук кылгандан башка бизге эч нерсе беришкен жок. Алар биздин лидерлерди акмак ойлоп келишти”,  - деп Трамп “Твиттерге” жазды. Ошол эле билдирүүсүндө ал АКШ Ооганстанда сары изине түшкөн террорчуларга Пакистан башпаана берип жатат деп айыптады. Читать дальше...

Ксения Собчак шайлоо фондуна 35 млн. рубль чогултту

Azattyk.org 

Орусиянын президенттигине талапкер Ксения Собчак шайлоо фондуна 35 млн. рублдан ашуун каражат чогулганын билдирди. «Настоящее время» телеканалы менен маектешип жатып, Ксения Собчак акчаны ондогон ири бизнесмендер жана достору бергенин айтты. Бирок алардын аттарын ачык айткан жок. Журналист Ксения Собчак 36 жашта. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин насаатчысы жана бир кездеги жетекчиси, Санкт-Петербургдун губернатору болгон маркум Анатолий Собчактын кызы. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартына белгиленген. Читать дальше...

Ксения Собчак шайлоо фондуна 35 млн рубль чогултту

Azattyk.org 

Орусия президенттигине талапкер Ксения Собчак шайлоо фондуна 35 млн рублдан ашуун каражат чогулганын билдирди. «Настоящее время» телеканалына маек берип жатып, Ксения Собчак акчаны ондогон ири бизнесмендер жана достору бергенин айтты. Бирок алардын ысымдарын ачыкка чыгарган жок. Журналист Ксения Собчак 36 жашта. Ал Орусия президенти Владимир Путиндин насаатчысы жана бир кездеги жетекчиси, Санкт-Петербургдун губернатору болгон маркум Анатолий Собчактын кызы. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартына белгиленген. Читать дальше...

Макрон: Европалык дымагыбызды кайра кайтарышыбыз керек

Azattyk.org 

Франциянын президенти Эммануэл Макрон өз өлкөсү Европасыз өсүп өнүгө албасын билдирди. Президент катары алгачкы Жаңы жылдык куттуктоосунда Макрон 2018-жылды европалык келечек үчүн күрөштөгү чечүүчү жыл катары белгиледи. Анын айтымында, экономикалык, социалдык жана илимий потенциалы Евробиримдикке эл аралык аренада Кытай жана АКШ менен теңата болууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Макрон Франция качкындарды кабыл алууну жана аларга жардам берүүнү уланта берерин айтты. Ички саясат жаатында президент реформаларды улантууга убада берип... Читать дальше...

Макрон: Европа боюнча дымагыбызды кайра калыбына келтиришибиз керек

Azattyk.org 

Франциянын президенти Эммануэл Макрон өз өлкөсү Европасыз өсүп-өнүгө албасын билдирди. Президент катары алгачкы жаңы жылдык куттуктоосунда Макрон 2018-жылды Европанын келечеги үчүн күрөштөгү чечүүчү жыл катары белгиледи. Анын айтымында, экономикалык, социалдык жана илимий дарамети Евробиримдикке эл аралык аренада Кытай жана АКШ менен теңата болууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Макрон Франция качкындарды кабыл алууну жана аларга жардам берүүнү уланта берерин айтты. Ички саясат жаатында президент реформаларды улантууга убада берип... Читать дальше...



Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кыла баштады

Azattyk.org 

Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешиндеги бир жылдык төрагалык вазийпасын баштады. Казак Тышкы иштер министрлигинин кабарлашынча, 2-январдан тарта кеңештин алдыдагы ишмердиги такталат. «Казакстандын демилгеси боюнча, адегенде Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары кийинки эки жылга шайланышына байланыштуу Кот-д'Ивуар, Кувейт, Нидерланды, Перу, Польша жана Экваториалдык Гвинеянын желектерин орнотуу расмиси болот», - деп кабарлайт министрлик. 18-январда казак президенти... Читать дальше...

Иран: Жекшембиде башаламандык учурунда өлгөндөрдүн саны 10го жетти

Azattyk.org 

Ирандын мамлекеттик телеканалы өткөн суткадагы башаламандык учурунда өлгөндөрдүн саны 10 кишиге жеткенин кабарлады. 1-январдагы бул кабарында телекомпания башка кенен маалымат берген жок. Ушуну менен өлкөдө 28-декабрдан бери өтүп жаткан антиөкмөттүк нааразылык иш-чаралары учурунда өлгөндөрдүн саны 12ге жетти. Башкалаа Тегерандан тышкары Санандаж, Мешхед, Илам, Хорамдарех жана Керманшах шаарларындагы демонстрациялар алгач өлкө жетекчилигинин экономикалык саясатына каршы багытталып, кийин өкмөткө карата нааразылык менен уланып... Читать дальше...

Иран: башаламандык учурунда өлгөндөр онго жетти

Azattyk.org 

Ирандын мамлекеттик телеканалы өткөн суткадагы башаламандык учурунда өлгөндөр 10 кишиге жеткенин кабарлады. 1-январдагы бул кабарында телекомпания башка кенен маалымат берген жок. Ушуну менен өлкөдө 28-декабрдан бери өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык иш-чараларында өлгөндөрдүн саны 12ге жетти. Башкалаа Тегерандан тышкары Санандаж, Мешхед, Илам, Хорамдарех жана Керманшах шаарларындагы демонстрациялар алгач өлкө жетекчилигинин экономикалык саясатына каршы багытталып, кийин өкмөткө карата нааразылык менен уланып... Читать дальше...

Иран: башаламандык учурунда өлгөндөрдүн саны онго жетти

Azattyk.org 

Ирандын мамлекеттик телеканалы өткөн суткадагы башаламандык учурунда өлгөндөрдүн саны 10 кишиге жеткенин кабарлады. 1-январдагы бул кабарында телекомпания башка кенен маалымат берген жок. Ушуну менен өлкөдө 28-декабрдан бери өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык иш-чаралары учурунда өлгөндөрдүн саны 12ге жетти. Башкалаа Тегерандан тышкары Санандаж, Мешхед, Илам, Хорамдарех жана Керманшах шаарларындагы демонстрациялар алгач өлкө жетекчилигинин экономикалык саясатына каршы багытталып, кийин өкмөткө карата нааразылык менен уланып... Читать дальше...

Орусияда мессенжерлердин ишин чектеген мыйзам күчүнө кирди

Azattyk.org 

Орусияда бүгүнтөн тарта мессенжерлердин ишин жөнгө салган мыйзам күчүнө кирди. Жаңы эрежелерге ылайык, эми ошол мессенжердин колдонуучулары баары атайын каттоодон өтүүгө тийиш. Аккаунт электрондук даректин жашыруун дарегине эмес, конкреттүү бир адамдын телефон номуруна байланган болушу шарт. Эгерде бул талаптарды аткаруудан баш тарса сервистин администрациясы бир миллион рубль айыппул төлөөгө милдеттендирилет же абоненттин уюлдук байланышка кошулуусу чектелет. Мыйзамга Орусия президенти Владимир Путин былтыр июль айында кол койгон. Читать дальше...

Кайыргүлдүн кыялы ойрон болду

Azattyk.org 

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейин турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт.

Илим дүйнөсү: Көзгө көрүнбөс, колго кармалбас открытка

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү эң кичинекей открытка. Дүйнөдөгү биринчи күн поезди жүргүнчүлөрдү ташууда. Жабык дүйнөнүн сырын билчү корголдой “робот-дирижабль”. АКШда эмчек безинин рак дартына кабылгандардын 39% айыктырылат.

Дайранын шарындай күүлдөгөн элдүү-журттуу көкбөрү...

Azattyk.org 

Кубатбек Жусубалиев - кыргыз прозасындагы эң эле оригинал сүрөткерлердин бири. Окурман журту аны публицист, акын, мыкты киночу катары да жакшы билет. А бирок жазуучунун атын чыгарган, көркөм сөзгө ынактардын жарпын жазган чыгармалары - чакан эпикалык жанрдагы аңгеме, повесттери.

2-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

2-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө туман түшүшү ыктымал.  Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.  Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6; Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7; Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз 6...11;  Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5; Нарында түнкүсүн -19...-24, күндүз... Читать дальше...

Жаңы жылга караган түнү үч жүздөн ашуун ымыркай төрөлдү

Azattyk.org 

1-январга караган түнү Кыргызстандын аймагында 309 ымыркай төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, алдын-ала маалыматка караганда, 141 уул, 168 кыз бала жарык дүйнөгө келди. Бишкек шаарында Жаңы жылдын алгачкы түнүндө төрөлгөн 58 ымыркайдын 31и кыз, 27си - уул. Ош облусунда 80 баланын 55и кыз, 25и уул бала. Бишкектеги №4 төрөт үйүндө эгиз ымыркайлар төрөлдү. (RK)

Ошто жер титиреди

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында жер титиреди. 31-декабрда күчү очогунда 4,5 баллга жеткен силкинүү Ош облусунда катталганын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады. Жердин титиреши Бор-Дөбө айылында 4 балл, Арча-Булак, Сары-Могол, Талды-Сууда 3,5, Сары-Таш, Кара-Киндик жана Ачык-Суу айылдарында 3 балл болуп сезилди. Баштапкы маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок. 26-декабрда Ош жана Нарын облустарында 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. (RK)

Кыргыз кыз-келиндери: Түркиядагы түркүн тагдырлар

Azattyk.org 

2017-жылы Түркияга иш издеп келген кыргызстандыктар эки эсе көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Көбүнесе Түркиянын мыйзамдарын, коомдук маданиятын, тилин билбей келген мигрант кыз-келиндер ар түрдүү зордук-зомбулукка кабылган учурлар кездешет. Буга Анталиядагы Маликанын, Анкарадагы Сергүлдүн, Аланиядагы Ранохандын окуяларын мисал келтирсек болот.

Жаңы жылдык майрамда адашкан 27 бала жакындарына өткөрүлүп берилди

Azattyk.org 

Бишкекте Ала-Тоо аянтында 1-январга караган түнү жаңы жылдык майрам учурунда ата-энесинен адашып кеткен 27 баланын баары тең жакындарына аман-эсен өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Жалпысынан, милициянын маалыматына караганда, шаарда жаңы жылдык майрамдар тынч өттү. Коомдук коопсуздукту 2 миңдей ички иштер кызматкери камсыз кылды. (RK)

Иран президенти «мыйзамдуу сын-пикирди» колдой турганын айтты

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөдө төрт күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциялары боюнча билдирүү жасады. Министрлер кабинетинин жыйынында сүйлөп жатып ал зомбулукту жана коомдук коопсуздукка залака тийгизүүнү айыптады, бирок өкмөттү "мыйзамдуу сын жана нааразылык билдириш үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө” чакырды. Ал ошондой эле Иран ар бир жаран өз көз карашына ээ боло алчу эркин өлкө болушуна үндөдү. 31-декабрда Ирандын бийлиги Интернеттеги "Instagram" социалдык түйүнүнө жана "Telegram" мессенжерине тыюу салган. Читать дальше...

Эрдогандын ачуусу, "чөнтөк аңтарган" Лавров

Azattyk.org 

Саясатчылар такай эл көзүндө. Ар бир сөзүнө кунт коюлуп, мааниси экчелет. Ошон үчүн протокол аларды жипке тизгендей кармап, күн мурунтан даярдалгандан ашыкча сөз айттырбаганга тырышат. Бирок дайым эле андай боло бербейт. Өткөн жылкы айрым орой билдирүүлөргө орун берели.

Жээнбеков: Кыргызстан демократиялуу өлкө экенин дүйнө жүзүнө дагы бир жолу далилдеди

Azattyk.org 

Кыргызстан дүйнө жүзүнө демократиялуу мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди, өлкө өнүгүүнүн эӊ маанилүү мезгилине келди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жаңы жылдык куттуктоосунда айтты. Президент 2017-жыл тарыхый жыл болгонун, бул жылы экономикалык өсүш камсыз кылынганын, бир катар социалдык долбоорлор ишке ашканын жана эл аралык аренада Кыргызстандын аброю жогорулаганын белгиледи. “Ачык-айкын, курч атаандаштык шайлоо аркылуу өлкөбүздүн жаӊы президенти шайланды. Өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *