Жогорку Кеңеште 12-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.
Талкуу учурунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, "Таблиги жамаат" уюмун "экстремисттик" деп табуу керек деген пикирин айтты.
- Бул конвенцияга кошулган мамлекеттердин бир тобунда "Таблиги жамаат" мыйзамдан чыгарылган, туурабы? Мыйзамдан чыгарып, "мыйзамсыз" деп табышыбыз керек да. Конвенцияда бир принципте кетип баратабыз деп жазылып турбайбы. Аны окудуңарбы? Конвенцияга кошулгандан кийин биз өзүбүзгө бир топ милдеттерди алып атабыз.
УКМК төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков парламент сессиясы учурунда "Таблиги жамааттан" азыр Кыргызстанга коркунуч жок деп билдирди.
Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясы 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кабыл алынган. Кыргызстан террорчулук жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык үч конвенцияга мүчө.
"Таблиги жамаат" уюмуна Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда ага тыюу салынган эмес.
Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген “Йакын инкар” уюму "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыкканы белгилүү. (NT)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
АНДРЕЙ БЕЛОУСОВ И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ОТКЛЮЧАЮТ НАСТОЯЩИХ ПИРАТОВ?!
Вебкам-студия MONTANA в Санкт-Петербурге
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland
Dustborn let me smash fascists and flirt with my situationship on a road trip across America
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players