Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 05.09.2018

Израил Ирандын Сириядагы аскердик объекттерин жок кылууга аракеттенет

Azattyk.org 

Израил Ирандын Сирия аймагындагы бардык аскердик объекттерин жок кылууга аракеттенет. Мындай билдирүүнү шаршембиде Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман “Настоящее время” телеканалына интервью берип жатып жасады. Ирандагы “аятоллалар Израилди талкалоо жөнүндө дээрлик күнүгө айтышканын” эске салган министр анын өлкөсү Сириянын "Тегерандын форпостуна айлануусуна жол бербейт" деди. Израил бийлиги Иран Сирияда базалар камтылган туруктуу аскердик комплекс орнотууну көздөйт деп шектенет. Тегеран бул дооматтарды четке кагууда. Читать дальше...

Кабулдагы кош жардыруудан кеминде 20 киши каза болду

Azattyk.org 

Кабулда күрөш боюнча машыгуу борборунда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 20 киши өлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз өкүлү Вахид Мажор шийиттер көп жашаган райондогу кол салуудан 70 киши жарадар болгонун билдирди. Бир аздан кийин ошол эле жерге полиция кызматкерлери, кабарчылар жана эл чогулган кезде дагы бир жардыруу болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. 15-августта ошол эле чөлкөмдө билим берүү борборундагы жардыруу ондогон окуучунун өмүрүн кыйган. Ал кол... Читать дальше...

Полот хан жашынган үңкүр

Azattyk.org 

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы баш каармандардын бири Исхак же Полот хан. Ал 1876-жылы февралда колго түшөр алдында, Чаабай тоолорундагы үңкүрдө бир нече күн жашырынат. Бул эмне болгон үңкүр? Ал азыр барбы?



Чаткал: Алтын кенинде уюган кылмыштар

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Чаткал районунда алтын кендерине байланыштуу мыйзамсыз иштерге жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашканбы? Кенди кримчөйрөнүн лөгү атыккан адамдар кармап, үлүш алып турабы? "Азаттык" ушул чуулгандуу жагдайларды иликтеп чыкты.

ДКО-2018: кыргыз күрөштөн бардык алтын байге Кыргызстанда калды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын өкүлдөрү бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көлдөгү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон мелдеште бардык алтын медалды алышты. Байгелер жети салмакта ойнотулду. Алтын байгелерге Бекболсун Сатканкулов (55 кг.), Амангелди Эсенбек уулу (60 кг.), Равиль Самат уулу (66 кг.), Баястан Идирисов (74 кг.), Чыңгыз Чалабаев (84 кг.), Нурбек Кожобеков (96 кг.) жана Тилек Куралов (абсолюттук салмак) ээ болушту. Финалда Бекболсун Сатканкулов казакстандык Алишер Муханбетжановду... Читать дальше...

Жоолукчан кыздарга мектеп эшиги жабылды

Azattyk.org 

Казакстандын мектептеринде жоолук маселеси кайра көтөрүлдү. Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолук салынып келген окуучулар сабакка киргизилген жок.

Кырчындагы илбирстин териси музейге таандык экени айтылды

Azattyk.org 

Мамлекеттик экологиялык, техникалык коопсуздук инспекциясы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда балбан Кожомкул Кааба уулунун боз үй музейинде илинген илбирстин териси боюнча териштирүү жүргүздү. Аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, териштирүүнүн жүрүшүндө илбирстин териси Суусамыр өрөөнүндөгү  Кожомкулдун музейине таандык экени ачыкка чыкты. Илбирстин териси музейде экспонат катары саналып, тизмеге киргизилген. Кожомкул атындагы музей түзүлгөндө... Читать дальше...

Мэй: Скрипалды жок кылуу операциясын орус жетекчилиги жактырган

Azattyk.org 

Британиянын өкмөтү ГРУнун мурдагы кызматкери Сергей Скрипалды өлтүрүү аракетин көргөн орусиялык эки жаран Орусиянын атайын кызматтарынын агенттери деп эсептейт. "Алар орус бийлигинин көрсөтмөсү менен иштешкен", - деди британ премьер-министри Тереза Мэй 5-сентябрда парламентте билдирүү жасаган учурда. Премьер тергөө өкмөттүн буга чейинки ырастоолорун бышыктаганын айтты. Лондон Солсберидеги кол салуудан кийин дароо ал окуя үчүн жоопкерчиликти Москвага жүктөгөн. Мэйдин айтымында, британ өкмөтү Скрипалды... Читать дальше...

Көчмөндөр оюнуна Шотландиядан келген тоолуктар

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарына Шотландиядан атайын келген тоолуктар Кырчындын көркүн чыгарып, өз өнөрүн көрсөттү. Этегин парпырата күүлөнүп, алыска салмоор таш ыргытуу менен килейген торсунду чимирилте ыргыткан таймаштар Шотландияда өтүүчү Тоолуктар оюнунан да бир элес бергендей. "Тоолуктар оюну менен Көчмөндөр оюну окшош экен", - дейт шотланд спортчусу Нил Эллиотт.

Москва: Тапанчада Муратовдун бармак изи болгон эмес

Azattyk.org 

Москвадагы соттук медэксперттер алдын ала Муратов полициячыга ок атпашы ыктымал деген тыянакка келгенин Рен ТВ кабарлады. Бирок ошол эле бүтүмдө Муратов баары бир күнөөлүү экени айтылат. Сириядагы миллиондогон эл жашаган Идлибге чабуул коюлат деген кабар Улуттар Уюмун тынчсыздандырууда. Коопсуздук Кеңеши маселени талкууламай болду. Казакстандагы айрым мектептерде кыздар сабакка кириш үчүн оронгон жоолугун чечүүгө аргасыз болушту.

ДКО-2018: Бельгиялык туристтин жоголгон буюмдарын таап беришти

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарынын коногу, Бельгиядан келген туристтин жоголгон жеке буюмдарын табууга жергиликтүү тургундар жардам беришти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Вильгельм Шуберт Кырчын жайлоосунда тигилген боз үйлөрдү кыдырып жүрүп баштыгын унутуп кеткен. Дархан айылына таандык боз үйдө калган баштык тууралуу анын ээлери дароо милицияга кабарлашкан. Ичинде фотоаппарат, документтер жана жеке буюмдар бар экени аныкталган. Натыйжада анын баары ээсине кайтарылып берилди. ... Читать дальше...

ДОК-2018: Бельгиялык туристтин жоголгон буюмдарын таап беришти

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарынын коногу, Бельгиядан келген туристтин жоголгон жеке буюмдарын табууга жергиликтүү тургундар жардам беришти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Вильгельм Шуберт Кырчын жайлоосунда тигилген боз үйлөрдү кыдырып жүрүп баштыгын унутуп кеткен. Дархан айылына таандык боз үйдө калган баштык тууралуу анын ээлери дароо милицияга кабарлашкан. Ичинде фотоаппарат, документтер жана жеке буюмдар бар экени аныкталган. Натыйжада анын баары ээсине кайтарылып берилди. ... Читать дальше...

Шаардык сот Матраимов боюнча арызды кароо күнүн белгиледи

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту кыргыз өкмөтүнүн Райымбек Матраимов боюнча арызын 26-сентябрда карайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады. Быйыл 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Өз чечимин түшүндүрүп бул сот органы Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганын... Читать дальше...

Британия Скрипалдарды ууландырган орусиялык эки кишинин ысымын атады

Azattyk.org 

Британиянын прокуратурасы орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипал жана кызы Юлияны ууландырууга шектелген орусиялык эки кишинин атын атады. Александр Петров жана Руслан Бошировго Скрипалдарды жана британиялык полициячыны өлтүрүүгө аракеттенген деген айып тагылды. Полициянын өкүлү Сью Хэмминг Лондон Москвадан аларды экстрадициялоону сурабайт, себеби Орусия өз жарандарын өткөрүп бербейт деп Рейтерге айтты. Бирок экөөнү кармоого европалык ордер чыгарылды. Тергөөчүлөрдүн айтымында, орусиялыктар Британияга жасалма паспорт менен 2-мартта киришкен. Читать дальше...

Кыргызстанда 600дөй мектеп жетишпейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектеп тартыштыгына байланыштуу маселени чечүү үчүн өлкө аймагында 600гө жакын мектеп салынышы керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди: - 2018-жылдын аягына чейин өлкөдө 78 билим берүү объектиси пайдаланууга берилет. Биздин анализ боюнча, 600дөй мектеп курулса, маселе чечилет. Бул боюнча тийиштүү органдардын баарына маалымат бергенбиз. Республика боюнча 2262 мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдар 1 миллион 300 миңдин тегерегинде. Читать дальше...

АКШ байыркы тарыхый буюмду Иранга өткөрүп берди

Azattyk.org 

АКШ сотунун чечими менен персиялык байыркы баалуу артефакт Иранга кайтарылды. 23-июлда Нью-Йорктун Жогорку соту Ахемениддер дооруна таандык айкелче Иранга өткөрүлсүн деген чечим чыгарган. Ирандын Улуттар Уюмундагы элчиси Гулям-Али Хошру 5-сентябрда артефактты алып жатып “аткезчилик жол менен алынып кеткен маанилүү маданий буюмдун кайтарылышына кубанганын Ирандын Press TV каналына билдирди. Перс империясынын жоокеринин айкелчеси былтыр октябрда сатыкка коюлган жеринен колго түшүрүлгөн. 1,2 миллион... Читать дальше...

6-сентябрдын аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

6-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29, Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27, Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31, Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25, Нарында түнкүсүн 2...7... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *