Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн мурдагы президенттери Роберт Кочарян менен Серж Саргсянды саясий өлүктөр деп атады. Өкмөт башчы мындай билдирүүнү 15-сентябрда жасаганын “Азаттыктын” армян кызматы жазды.
“Арменияда Роберт Кочарян деген аталыштагы саясий фактор жок. Серж Саргсян да, Роберт Кочарян да, алардын айланасындагылар да саясий өлүктөр. Бирок бул саясий өлүктөр мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылбашы керек дегенди түшүндүрбөйт. Ушу менен баары айтылды”,-деди Пашинян.
Армян өкмөтүнүн жетекчиси ошондой эле Кочаряндын “Пашинян мага илешкени үчүн өкүнүп калат” деп айтканына да жооп кайтарды.
“Кочарян мырза муну менен өзүнүн саясий деңгээлин көрсөтүп койду. Бул деген “сени шашпа” дегидей көчөдөгү талаш эмес”,-деп айтты Никол Пашинян.
7-майда Пашинян журналисттер менен маектешүүдө эгер шайланып калса саясий атаандаштарынан өч албай турганын айткан. “Арменияда саясий жана экономикалык куугунтуктоолордун барагы жабылат” деген ал. Бирок буга карабай соңку айларда Арменияда бир топ чуулуу кылмыш иштери козголду. Армениянын экс-президенти Сержа Саргсяндын бир тууганы Левон Саргсянга иш ачылып, мыйзамсыз байып кетүү боюнча айып тагылды. Июлда болсо 2008-жылдын президенттик шайлоодон кийин нааразылыктарды басууга байланыштуу ачылган кылмыш иштин алкагында мурдагы президент Роберт Кочарян камакка алынып, сот үй камагына чыгарган. Мындан сырткары Армениянын мурдагы премьер-министри Овик Абрамяндын агасы Генрик Абрамян мыйзамсыз курал алып жүрүүгө шектелип камакка алынган. (ErN)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Новости и Культура, Дети и Россия: кукольный Театр Ульгэр выступил в Улан-Улан-Удэ в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник
Аншлаг в честь Окуджавы
Осужденный за срыв концерта Макаревича служит с позывным "Макаревич"
Apocalyptica выложили кавер на Metallica «The Call Of Ktulu» на виолончелях