Дипломатиялык паспорттор жеке кызыкчылыкка колдонулганы аныкталды
Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы 25-сентябрда маалымдагандай, аталган министрликте "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзам, Дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө жобо бузулган учурлар болгон.
Аталган министрликтин кызматкерлери кызматтык, дипломаттык паспортторду колдонуу, тапшыруу жараянында мыйзам бузганы үчүн 12-сентябрда кылмыш иши козголгон. Материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
24-сентябрда парламент депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери мамлекеттин эсебинен чет элдик сапарларга үй-бүлөсү менен барган учурлар тууралуу айтып чыккан. (SE)
