Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Парламент Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлады

0
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон (Токтокүчүк) Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. 


Омбудсмен шайлоо 26-сентябрда өтүп, башында талапкерлер баяндама жасашты. 


Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Токон Мамытовду 79 депутат колдоду. Рита Карасартовага 9, Канатбек Азизге 19, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш берилди. 


Акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовду КСДП фракциясы көрсөткөн. Рита Карасартова менен Рыскул Бактыбаевди "Бир Бол", Канатбек Азизди "Ата Мекен" фракциялары сунуштаган. 


"Бир Бол" фракциясынан көрсөтүлгөн дагы бир талапкер - Маматурайым Момунов атаандаштарынын арасында "тажрыйбалуу кишилер бар экенин эске алып", ат салышуудан баш тартты. 


Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.


Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат. (SE\BkA)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *