Эрдоган: Асад бийликте турганда Сирияда тынчтык орнотуу мүмкүн эмес
18-сентябрда Орусия жана Түркия Идлиб провинциясында 15-октябрга карата куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеден 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык буфер аймак түзүүнү макулдашкан.
Сириянын Орусия жана Иран колдогон өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясына чабуул жасап, аскерий операция өткөрсө мунун арты ири “гуманитардык трагедияга, кыргынга жана кыйроого” айланарын соңку апталарда Улуттар уюму, АКШ баштаган Батыш мамлекеттери утур-утур эскертип жатты.
Сирияда сегиз жылга созулган жарандык согушта 400 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болду.
