Юридикалык окуу жайлардын студенттери таймашты
Бишкекте юридикалык билим алган студенттер жаңы мыйзамдарды билүү жана колдонуу жөндөмүн сынаган интеллектуалдык таймашка катышышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) өкүлү Дилбара Максимбекова билдирди.
Алты жогорку окуу жайдын өкүлдөрү ар кандай кылмыш иштери боюнча сот жараянын оюн түрүндө көрсөтүп беришти. Калыстар тобу алардын билим деңгээлине гана эмес, калыс өкүм чыгарышына да көңүл бурушту.
Студенттер теорияны окуп, бирок иш жүзүндө кандай болорун жакшы билишпейт. Ошондуктан өзүлөрү сот, адвокат, айыптоочу, соттолуучу болуп ойноп, сот процессин көрсөтүп берип жатышат.
Биринчи орунду Эл аралык университеттин студенттери алды. Алар ала качуу боюнча сот жараянын көрсөтүп беришти. Экинчи орунга экономикалык аткезчилик темасын тандаган Ош мамлекеттик юридикалык институту татыды. Ал эми үчүнчү орун Ички иштер министрлигинин академиясына тийди. Алар карактоо үчүн кармалган адамдын сотун көрсөтүп беришти.
Сынак USAID агенттигинин "Сотко ишенимди жогорулатуу" долбоорунун алкагында уюштурулду.
Кыргызстанда быйыл 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштады.(RK)