Иранда хижабга каршы чыккан аялга ырайым берилди
Иранда коомдук жайларда хижаб кийүүгө каршы чыккан Вида Мовахед бир жылга абакка кесилип, бирок ага ырайым берилди. Бул тууралуу анын адвокаты Пайам Деравшан 14-апрелде билдирди. Адвокаттын айтымында, сот Мовахедди март айында бир жылга эркинен ажыраткан. Бирок кийинчерээк аятолла Али Хаменеиден ырайым алган. 32 жаштагы Мовахед адегенде 2017-жылдын декабрында хижабын чечип, колуна кармап, аянтка чыкканда “Энгелаб көчөсүндөгү кыз” деген ат менен белгилүү болгон. Анда Вида жана аны колдогон 29 аял камалып чыгышкан. Читать дальше...