Аба ырайы: күн ысыйт
15-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,
Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...24,
Нарын аймагында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9 градус болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 26...28 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.