Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 21.05.2019

Украинадагы шайлоо июлда өтөт

Azattyk.org 

Украинада президент Владимир Зеленский парламентти таркатуу жана эрте шайлоону 21-июлда өткөрүү тууралуу буйрукка кол койду.

Шыгаев музейден сүрөттөрдү алганы аныкталды

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы аныкталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ушул маселени иликтеш үчүн түзүлгөн комиссиянын жетекчиси, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди. Анын айтымында, эл сүрөтчүсү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. - Негизинен комиссиянын тыянагы чыкты десек болот, - деди Бактыбек Секимов. Читать дальше...

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды

Azattyk.org 

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Атаханов бүгүн, 21-майда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Ал Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы тыгын

Azattyk.org 

Ошто он күндөн бери 100дөн ашуун оор жүк ташуучу машина «Достук» кыргыз-өзбек чек арасынан өтө албай турат. Айдоочулар буга чейин Өзбекстанга эч тоскоолдуксуз цемент ташып жүрүшкөнүн, бул жолку чектөө тууралуу маалымат ала албай жатышканын айтып жатышат.

Шайлоо: президенттик топтун сунуштары

Azattyk.org 

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча президент түзгөн жумушчу топтун мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапты.



Ошто түрк тилдүү акындардын ырлары жаңырды

Azattyk.org 

Ош шаарында өткөн поэзия кечеси Азербайжан эл акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына арналып, Түрксой уюмунун алкагында өткөрүлдү. Түркиянын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Македониянын, Казакстандын, Якутиянын, Башкырстандын жана Кыргызстандын акындары ыр окуп, Имадеддин Насиминин көркөм мурасын жогору баалашты.

Үч бир тууганды оп тарткан согуш

Azattyk.org 

Эл аралык уюмдар терроризмге каршы күрөшүү жолун Тажикстанда талкуулашты, Сирияга кеткен казакстандык үч бир туугандын дайыны жок, чеченстандык майып адамдар бири-бирин иш менен камсыз кылат.

Кыргыз-өзбек чек арасында цемент ташыган 100дөн ашуун машине өтпөй турат

Azattyk.org 

Ошто он күндөн бери 100дөн ашуун айдоочу оор жүк ташуучу машинасы менен «Достук» кыргыз-өзбек чек арасынан өтө албай турат. Айдоочулар буга чейин Өзбекстанга эч тоскоолдуксуз цемент ташып иштеп жүрүшкөнүн, бул жолку чектөө тууралуу маалымат ала албай жатышканын айтып жатышат.  Мамлекеттик чек ара кызматы машинелер чек арадан өтүшпөгөнүн, алар «Достукка» 200 метр жетпей турушканын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Кыргызстан жүктү тоскоолдуксуз өткөрүп жатканын айтты. Айрым... Читать дальше...

Балдарды тарбиялоого арналган бестселлер китептер кыргызчага которулду

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада британиялык атактуу эксперт Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн чыгармачыл мектептер» жана Американын психологдор ассоциациясы даярдаган «Кенже курактан баштап мектеп курагындагы чыгармачыл, таланттуу  балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип» аттуу китептердин бет ачаары болду. Балдарды тарбиялоого арналган бестселлер китептер «Кереге» фондунун демилгеси менен кыргызчаланган.  Билим берүү боюнча атактуу эксперт Кен Робинсондун... Читать дальше...

Мени кечирчи, айылым!

Azattyk.org 

Мен сени сагындым, айылым. Сени тоо-ташыңды, сууңду, арча-кайыңыңды сагындым. Сенин абаңды, гүлдөрүңдү, ызгаар аязыңды, таштак жолдоруңду сагындым.

Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Azattyk.org 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын "Азаттыкка" ырастады. Ал мындай чечимге эмне себеп болгонун айткан жок. Өз каалоосу менен отставкага кетүү тууралуу арыз бергенин билдирди.   Ал тапта өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шаршембиевди берген арызынын негизинде иштен алуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизгенин кабарлады. ​ Шаршембиев Маалыматтык технологиялар... Читать дальше...

Илхому ташкындаган Илхом

Azattyk.org 

Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын жаш артисти Илхом Ахмаддын таланты көптөрдү тамшандырып, өзү чыгарган жана аткарган ырлары Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжандагы ышкыбоздорго жакшы таанымал. Ал кийинки кезде эл, жер жана сүйүү тууралуу бир катар жаңы ырларды жаратып, былтыр Лондон шаарында жеке концертин берди.

Кытайдын тышкы иштер министри расмий сапар менен Бишкекке келди

Azattyk.org 

Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И бүгүн, 21-майда Бишкекке расмий сапар менен келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар өз ара кызматташтыкты, эл аралык жана чөлкөмдөгү маселелерди талкууга алышты.   Жолугушууда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын июндагы саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапарын даярдоо тууралуу да сөз болду. Читать дальше...

Тажикстан: түрмөдө өлгөндөрдүн сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

Тажикстанда 19-майдын кечинде түрмөдөгү тополоңдо каза болгондордун айрымдарынын сөөгү жерге берилди. Вахдат шаарындагы колонияда бир жыл иштеген майор Абдужабор Халимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Хатлон облусунда болду. 2013-жылы теракт даярдоого айыпталып, 21 жылга эркинен ажыратылган Алимурад Махоновдун сөөгүн коюуга туугандары катышпаганы кабарланды. Ал эми «Ислам кайра жаралуу партиясынын» өкүлү, төрт жыл мурун 26 жылга кесилген Сатар Каримовду акыркы сапарга узатууга жакындарынын катышуусуна уруксат берилди. Читать дальше...

Бортников: 5 миңге жакын согушкер чек арада турат

Azattyk.org 

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлери Ооганстандын түндүгүндөгү чек аранын жанына топтоло баштады. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников Тажикстандагы сапарынын маалында билдирди. Бортников «Ислам мамлекети» террор тобунун 5 миңге жакын согушкери Ооганстандын түндүгүндөгү аймактарга жер которгонун белгиледи. Москва көп жылдардан бери согушкерлер Борбор Азияда кулачын жайып жатканы тууралуу коңгуроо кагып келет. Коопсуздук боюнча... Читать дальше...

ИИМ: Зарылбек Рысалиев Батукаевдин түрмөдөн чыгышы боюнча сурак берди

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысы, парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берди.  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 21-майда Рысалиев өткөн аптада суракка чакырылганын билдирип, анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок. Батукаевдин ишине байланыштуу Рысалиевдин суракка чакырылганын маалымат каражаттары 16-майда жазып чыгышкан. Читать дальше...

«Авангард-Стройдун» жетекчиси мектеп курулушуна байланыштуу камакка алынды

Azattyk.org 

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Ак-Татыр айылындагы мектептин курулушундагы алешемдиктерге байланыштуу «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын башкы директору жана облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коомчулук менен байланыш бөлүмү «Азаттыкка» билдирди.   Кармалгандар Ак-Татырдагы мектепти курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.  Атайын кызматтын маалыматына караганда... Читать дальше...

Казакстан: шайлоону бойкоттоого үндөгөн адамдын соту өтүп жатат

Azattyk.org 

Казакстанда үйүнүн балконунан саясий ураандарды чакырып, шайлоону бойкоттоого үндөгөн Дархан Умирбаев «полицияга баш ийген жок» деген айып боюнча соттолууда. Нур-Султан шаарынын 38 жаштагы тургунунун айтымында, 17-майдагы анын мындай аракетине ошол күнү ал туш болгон социалдык маселелер түрткү болгон. Ал «Мен таза шайлоо талап кылам, адилетсиз добуш берүүнү бойкоттоого чакырам» деп балкондон кыйкырганын жана муну «Фейсбук» аркылуу түз көрсөткөнүн мойнуна алууда. 20-майда өткөн сотто Умирбаев адвокаты келбей калганын жүйө келтирип... Читать дальше...

Укук коргоочу Оюб Титиев мөөнөтүнөн мурда бошотууну өтүндү

Azattyk.org 

«Мемориал» укук коргоо борборунун башчысы Оюб Титиевдин адвокаты аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу өтүнүч келтирди. «Мемориал» борбору төрт жылга кесилген Титиев жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөгөндүктөн ушундай өтүнүч келтиргенин билдирди. Адвокат түрмөдө отурган Титиев эч кандай тартип бузбаганын жана колониянын ички эрежелерин бекем сактаганын белгиледи. «Чечим майдын аягында, июндун башында чыгып калат деп күтүп жатабыз», - деди адвокат Пётр Заикин. 61 жаштагы Оюб Титиев 2018-жылдын 9-январында... Читать дальше...

Абылгазиев аппарат башчыларын кетирди

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүк аппараттын жетекчилигин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисин иштен алууну чечти. Буга «КТ Мобайл» компаниясынын тегерегинде түзүлгөн жагдай себеп болгону айтылууда.

Зеленский парламентти таркатуу планы тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский инаугурациядан кийинки күнү парламентти таркатуу планы тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады. Зеленский Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубий жана парламенттик фракциялардын лидерлери менен жолугушту. 20-майда инаугурациядагы сөзүндө Зеленский парламентти таркатып жатканын жарыялаган. Бүгүнкү жолугушуулардан кийин Зеленский парламентти таркатуу тууралуу буйрукка кол коюшу күтүлүүдө. 41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский 21-апрелде президенттик шайлоонун... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *