Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча тендерде жеңип чыккан литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы эл аралык арбитражга кайрыла турганын кыргыз өкмөтүнө кабарлады. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган компаниянын расмий өкүлү Денис Паржачев билдирди. Анын айтымында, «компания өз кызыкчылыгын акыр аягына чейин коргой тургандыгы жана эл аралык арбитражга кайрылуу ниети тууралуу маалымат берди». Ошол эле учурда «Гарсу Пасаулис» сүйлөшүүгө ачык экени да айтылат.
Кыргызстанда биометрикалык же электрондук жалпы жарандык паспортторду даярдоого 2018-жылы баасы 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланган. Тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы утту деп табылган. Бирок бул компаниядан баасын арзан көрсөткөн германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «DEMIA France» компаниялары нааразы болуп чыгышкан.
УКМК бул боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган. Натыйжада 17-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча сынакты өткөн жок деп табылганы тууралуу маалымат тараткан.
Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган. Алардын арасында Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) мурдагы жетекчиси Алина Шаикова, анын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Айнура Туйбаева, статс-катчы Данияр Бакчиев, Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана КЛООПтун журналисти Анна Капушенко бар. (КЕ)
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы