Жарандыгы талаш жараткан Десятников депутаттын жардамчысы болуп иштеп жатат
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, орус жарандыгы бар экени айтылган Павел Десятников депутат Жумабек Салымбековдун жардамчысы катары иштеп жатат. Ал быйыл 4-апрелде мандатын тапшырган. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Десятников саламаттыгына байланыштуу арыз жазганын билдирген.
Шаардык кеңештин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова "Азаттыкка" билдиргендей, анын орус жарандыгы бар экени тууралуу маалымат такталган эмес.
- Биздин депутаттар айлык албай иштешет. Жардамчыларын да өздөрү каржылап, иштетишет. Биз аларды каттап, күбөлүк гана беребиз, - деди ал.
Аймактык шайлоо комиссиясы билдиргендей, өз каалоосу менен мандатты тапшырган депутаттын жарандыгына байланыштуу маселе териштирилбейт.
Десятников «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган. Анын алдында шаардык кеңештеги «Республика - Ата Журт» партиясынан депутат Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын да алганы аныкталып, 2018-жылдын декабрында мандаттан ажыратылган.
Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП, «Республика - Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» фракцияларында 45 депутат бар. Шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында болгон. (SE)