Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 02.03.2018

Бишкек-Ош унаа жолу бир тарапка убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош унаа жолу шагыл аралаш таш түшкөнүнө байланыштуу бир тарапка убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн саат 10:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 398-чакырымында (Аю-Булак тилкеси) көлөмү 1300 м3 кум аралаш шагыл түшүп, унаа жол бир тарапка жабылган. Жолду тазалоого №30 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылды.

Аткезчилик чынжыры: үлкөндөрдүн кармашы

Azattyk.org 

Казакстан Алматыда кармалган кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулун чек арадан жүктөрдү аткезчилик менен ташууга ыңгайлашкан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун анабашы катары сыпаттап чыкты.

Чүйдө бала бакча имараты кайра мамлекетке өткөрүлдү

Azattyk.org 

Чүйдө жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен бала бакча кайрадан муниципалдык менчикке берилди. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлдөрү кабарлашты. Көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2002-жылы Айыл жана суу чарба министрлиги Москва районундагы “Аленка” бала бакчасынын имаратын айыл чарба кооперативдеринин бирине мыйзамсыз сатып жиберген. 2012-жылы сатып алуу тууралуу документтердин мыйзамдуулугун аныктоо максатында прокуратура сотко кайрылган. Кооперативдин жетекчилиги... Читать дальше...

Чүйдө бала бакчанын имараты кайра мамлекетке өткөрүлдү

Azattyk.org 

Чүйдө жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен бала бакча кайрадан муниципалдык менчикке берилди. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2002-жылы Айыл жана суу чарба министрлиги Москва районундагы “Аленка” бала бакчасынын имаратын айыл чарба кооперативдеринин бирине мыйзамсыз сатып жиберген. 2012-жылы сатып алуу тууралуу документтердин мыйзамдуулугун аныктоо максатында прокуратура сотко кайрылган. Кооперативдин жетекчилиги имаратты... Читать дальше...

АКШда кармалган Тениз Сыдыков тергөө бүткүчө бошотулат

Azattyk.org 

АКШ соту курал аткезчилигине шектүү катары кармалган кыргызстандык Тенгиз Сыдыковду тергөө бүткүчө бошотуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Виржиния штатынын Александрия шаарындагы ишти караган соттун кеңсесинен “Азаттыкка” билдиришти. Бирок Сыдыков тергөө маалындагы талаптарды аткара алары аныкталгандан кийин бошотула турган болду. Аны менен кошо кармалган Казакстандын жараны Элдар Резванов камакта калды. Анын маселеси боюнча соттук угуу 7-мартта уланмай болду. 27-февралда Американын Виржиния штатынын... Читать дальше...

Тажикстан Кытайдын жардамы менен жаңы алюминий заводун курат

Azattyk.org 

Тажикстанда тажик-кытай биргелешкен алюминий ишканасы салынат. Бул тууралуу ТАЛКО компаниясынын маалымат-аналитикалык департаментинин жетекчиси Игорь Саттаров билдирди. Курулуш иштерине байланыштуу алюминий заводу эки жылга ишин токтотот. Саттаровдун айтымында, жаңы завод салуу боюнча Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды. Маалыматтарга караганда, жаңы алюминий заводунун кубаттуулугу жылына 503 миң тоннаны түзөт. Анын түзүмүнө куйма жана анод өндүрүшү да кирет. ... Читать дальше...

Кыргызстанда жыл сайын тубаса оорулуу 400дөй бала чарчап калат

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын дүйнө жүзүндө 8 миллион бала тубаса дарт менен төрөлсө, алардын 3 миллионго жакыны беш жашка чейин жашабайт. Мунун айынан Кыргызстанда жыл сайын 400дөн ашуун бала бир жашка жетпей чарчап калат. 3-март – тубаса акыл кемтиги менен төрөлгөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу дарыгерлер дарттын алдын алуу, дарылоо, өлкөдөгү абал боюнча маалымат беришет.  Статистикалык маалыматтарда Кыргызстанда 2 миллиондой баланын 29 миңи майып экени көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Бишкекте “Балага эшик ач!” аттуу кампания башталды

Azattyk.org 

Бишкекте майып балдарга арналган “Балага эшик ач!” аттуу социалдык кампания башталды. БУУнун балдар фонду демилгелеген бул иш-чараны Бишкек мэриясы да колдоп жатат. Анын алкагында муниципалдык балдар бакчаларына майып балдарды бөлбөстөн, алар менен кантип чогуу ойноо жана сүйлөшүү керектигин түшүндүргөн баракчалар таратылат. Кампаниянын максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу, аларды кодулоону токтотуу. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жалпысынан 2 миллиондон ашуун балдар болсо, алардын 29 миңи майып. Читать дальше...

Бишкекте “Балага эшик ач!” аттуу өнөктүк башталды

Azattyk.org 

Бишкекте майып балдарга арналган “Балага эшик ач!” аттуу социалдык өнөктүк башталды. БУУнун балдар фонду баштаган бул иш-чараны Бишкек мэриясы да колдоп жатат. Анын алкагында муниципалдык балдар бакчаларына майып балдарды бөлбөстөн, алар менен кантип чогуу ойноп, сүйлөшүү керектигин түшүндүргөн баракчалар таратылат. Өнөктүктүн максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу, аларды кодулоону токтотуу. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жалпысынан 2 миллиондон ашуун балдар болсо, алардын 29 миңи майып. Читать дальше...

ЖК фракциясы “Арзан турак жай” программасын талкуулайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын ишке ашырылышын талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул боюнча вице-премьер-министр Санжар Муканбетов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев жана каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат берет. Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан... Читать дальше...

Пентагон Путиндин өзөктүк курал жөнүндө билдирүүсүнө жооп кайтарды

Azattyk.org 

Пентагон Орусиянын президенти Владимир Путиндин өзөктүк куралды өнүктүрүү тууралуу маалыматы "таң калычтуу" болбогонун билдирди. "Америкалыктар кооптонбой эле койсо болот. Биз толугу менен даярбыз", – деди Пентагондун өкүлү Дана Вайт. Ал АКШнын Европадагы ракетага каршы коргонуу системасы Орусияга эмес, Иран жана Түндүк Корея тараптан келе турган коркунучтарга багытталганын кошумчалады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хезер Нойерт Орусияны "эл аралык макулдашууларды бузуп жатат" деп айыптады. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *