Түндүк Кореянын лидери Сеул менен кызматташууну каалайт
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын өкүлдөрүн “ачык маанайдагы” сүйлөшүүгө чакырып, “ишке чындап киришүүгө эрки бекем” экенин айтты. Ким бийликке келгенден бери Сеулдун өкүлдөрү менен 5-мартта биринчи жолу кездешти. Буга чейин эки Кореянын ортосунда мамиле Пхеньяндын өзөктүк программасынан улам чыңалып келген. Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ын төрт саатка созулган кечки тамак маалында “улуттук биригүүнүн жаңы тарыхын” жазуу ниети бар экенин айтканын кабарлады. ... Читать дальше...