ЭВФтин башчысы соода согушунун кесепети оор болоорун эскертти
Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башчысы Кристин Лагарддын билдиргенине караганда, соода согушу глобалдык экономиканын өсүшү үчүн “коркунучтуу” кесепеттерге алып келет. Фонддун башчысы тараптардын бажы тарифтерин бири-бирине атаандашып көтөрүшүнөн эч ким утпай турганын да кошумчалады. Анын мындай эскертүүсү АКШда президент Доналд Трамп соода согушуна байланышкан коркунучтарды эске албастан, анын өлкөсүнө импорттолуп жаткан болот менен алюминий үчүн тарифтерди көтөрүүгө убада берген убакта айтылды. Читать дальше...