Орус-тажик авиация жаңжалы токтой элек
"Урал авиалиниялары" компаниясы Тажикстандын авиация жетекчилигин "рынокту жалгыз ээлеп алууга аракет кылууда" деп айыптады. Бул тууралуу компания тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка караганда, 24-марттан 25-мартка караган түнү, кышкы жадыбалдан жайкы жадыбалга өтүү маалында Тажикстандын авиация жетекчилиги эскертүү бербестен орус компаниялары жүргүзгөн каттамдардын санын 30% кыскарткан. Авиакомпания жай мезгилиндеги учуу тууралуу бардык талаптарды аткаруу менен 50 күн мурда билдирүү жөнөткөнүн ырастоодо. Читать дальше...