Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 31.03.2018

Атамбаев: Жээнбеков менен 4,5 сааттан ашык сүйлөштүк

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Сооронбай Жээнбеков менен достук мамиледе экенин айтты. - Жээнбеков менен 23 жылдан бери доспуз. Эки жаш улуу катары кээде ага бир нерселерди айтышым мүмкүн. Биздин өлкө үй-бүлөлүк, кландык башкарууга барбашы керек. Муну Сооронбай Шарипович түшүнөт деп ойлойм. Акыркы жолу Жээнбеков менен 4,5 саат сүйлөштүк, - деди Атамбаев. Бүгүн КСДПнын курултайы өтүп, анда Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Читать дальше...

Атамбаев: КСДПны 2020-жылкы шайлоого даярдайм

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында КСДП партиясын 2020-жылкы шайлоого даярдай турганын билдирди. Ал саясатка кайтуу аракети бир гана партиялык ишке байланыштуу деди. Атамбаев өкмөт башчысы болууга аракет кылып жатат деген сөздөрдү четке кагып, азыркы премьер-министр Сапар Исаков анча-мынча ката кетиргени болбосо жакшы иштеп жатканын белгиледи. Бүгүн КСДПнын курултайы өтүп, анда Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Курултайга 190 делегат чакырылган. Читать дальше...

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны башталды

Azattyk.org 

Бишкектеги “Орион” мейманканасында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Жыйынга ондогон журналисттер катышууда. Бүгүн КСДПнын курултайы өтүп, анда Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Курултайга 190 делегат чакырылган. Айрым делегаттар бул партиялык олуттуу жыйынга кирбей калганын айтса, айрымдары партия жетекчилигине нааразылык иретинде жыйындан чыгып кеткенин билдиришти. (UEz) Түз эфир

Бердникова: Атамбаев КСДП төрагасы болуп шайланды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу КСДП курултайына катышкан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Евгения Бердникова билдирди. Анын айтымында, курултайда Атамбаевди төрагалыкка шайлоо маселеси жана партиянын сегиз айлык отчету каралды. Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги “Орион” мейманканасында КСДП партиясынын курултайы өттү. Ага 190 делегат катышканы айтылды. Айрым делегаттар партия жетекчилигине нааразылык иретинде жыйындан чыгып кеткенин билдиришти. Читать дальше...

Бекматов: Шыкмаматовдун каты талапкерди тизмеден чыгарууга негиз боло албайт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов парламенттеги “Ата Мекен”фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун каты боюнча түшүндүрмө берди. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, фракция лидеринин талапкерлер тизмесин өзгөртүү боюнча катында мыйзамдуу негиз жок. - Фракциянын атынан жазылган каттын талапкерге эч кандай тиешеси жок. Талапкерлер тизмеден чыгуу боюнча өздөрү келип арыз жазмайын чыгарылбайт,- деди Бекматов. Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Шыкмаматовдун БШКга жолдогон каты Интернетке жарыяланган. Читать дальше...

КСДП курултайына 15 делегат нааразы болду

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайынын өтүшүнө 15 делегат нааразы болду. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Токтосун Шамбетов билдирди. Анын айтымында, делегаттар партия жетекчилигинин позициясына макул эместигин билдиришкен. Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайына 190 делегат чакырылган. Анын күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат. КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” курултайга  журналисттер киргизилбестигин... Читать дальше...

КСДП съездинен 15 делегат чыгып кетти

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын съездине катышып жаткан 15 делегат протест иретинде залдан чыгып кетти. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Токтосун Шамбетов билдирди. Анын айтымында, делегаттар партия жетекчилигинин позициясына макул эместигин билдиришкен. Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын съездине 190 делегат чакырылган. Съезддин күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат. КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид... Читать дальше...

КСДП курултайынан 15 делегат чыгып кетти

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайына катышып жаткан 15 делегат протест иретинде залдан чыгып кетти. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Токтосун Шамбетов билдирди. Анын айтымында, делегаттар партия жетекчилигинин позициясына макул эместигин билдиришкен. Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайына 190 делегат чакырылган. Анын күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат. КСДП партиясынын төрага орун басары... Читать дальше...



Малала Юсуфзай Суат өрөөнүнө барды

Azattyk.org 

Нобел сыйлыгынын жеңүүчүсү, жаш активист Малала Юсуфзай 2012-жылы талибдердин кол салуусунан бери алгач ирет Пакистанга барды. 31-мартта Суат өрөөнүнө тик учак менен жеткен 20 жаштагы блогер өзү туулуп-өскөн Мингора калаасындагы агасынын үйүнө барып, туугандары менен учурашты. 29-мартта ал Исламабадда өкмөт башчы Шахид Аббаси менен жолуккан. 15 жаштагы Малала Юсуфзайга 2012-жылы Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына талибдердин зомбулугу тууралуу жазган блогдору үчүн кол салышып, оор жараат алгандан кийин Британияга жеткирилген. Читать дальше...

Францияда азербайжандык журналисттин аялы өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Франциянын түштүгүндөгү Тулуза шаарында бир нече жылдан бери жашаган азербайжандык журналистке жана анын аялына кол салуу болду. 30-мартта 39 жаштагы Рахим Намазов менен аялына белгисиз адамдар ок атып, аялы окуя болгон жерде каза тапкан. Намазов оор жараат алып, ооруканада жатат. Ал үч баласы жана аялы менен Азербайжандагы сөз эркиндигине болгон кысымдан улам башпаанек сурап, Францияда жашап жүргөн. Тулуза шаарынын журналисттер союзу Намазов 2010-жылдан бери ишмердигин уланткан эмес деген маалымат таркатты. Читать дальше...

Бакышев: Съездге кире албай калдык

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын съездине Оштон чакырылган төрт делегат киргизилген жок. Бул тууралуу съездге кирбей калган делегаттардын бири Алишер Бакышев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, уюштуруучулар “тизмеде жоксуңар” деген шылтоо менен киргизген эмес.

Тажикстан Азия кубогуна чыга албай калды

Azattyk.org 

2019-жылкы Азия футбол чемпионатына Борбор Азиядан жалгыз гана Тажикстан чыга албай калды. Ушундан кийин тажик улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Хаким Фузайлов бардык жоопкерчиликти өзүнө алып, күйөрмандардан кечирим сурады жана кызматынан кетерин билдирди.

Орусия Өзбекстанга курал жөнөтмөй болду

Azattyk.org 

Орусия Өзбекстан менен Арменияга аскердик техника менен курал-жарак жөнөтөт, Тажикстан чек арасы аркылуу талибдерге курал-жарак өткөрүлгөнүн четке кагууда, Өзбекстан Ооганстанда тынчтык орнотууга киришти. Жума ичинде орусиялык басылмаларда жарык көргөн макалаларга сереп.

КСДПнын айрым депутаттары протест иретинде съездге барган жок

Azattyk.org 

КСДП фракциясынын айрым депутаттары протест иретинде партиянын съездине барган жок. Бул тууралуу каршылык көрсөткөн депутаттардын бири “Азаттыкка” билдирди. Съездге протест кылгандардын арасында фракция депутаттары Абдывахап Нурбаев, Мурадыл Мадеминов, Кожобек Рыспаев бары айтылды. Буга чейин съездге депутаттар Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Жанар Акаевдин чакырылбаганы белгилүү болгон. Бүгүн Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын съездине 190 делегат чакырылган. Читать дальше...

Лондондо орус учагы тинтүүгө алынды

Azattyk.org 

Лондондогу “Хитроу” аэропортунда Москвадан учуп барган “Аэрофлот” компаниясынын учагы тинтүүгө алынды. Бул иш-чараны жүргүнчүлөр учактан түшүп кеткенден кийин британ бажы кызматы уюштурган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги муну “чагым” катары баалады. Расмий өкүл Мария Захарова “Скрипалдын ишинен улам британ бийлиги "булганган кадыр-баркын" жуугусу келип жатат”, - деди. Ал эми “Аэрофлот” компаниясы кандай болгон күндө да британ расмийлери менен кызматташууга даяр экенин билдирди. 4-мартта Башкы... Читать дальше...

Матраимов: Атамбаевди жанындагылар адаштырып жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов КСДП съездине эмнеге чакырылбай калганы түшүнүксүз экенин билдирди. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жанындагылар атайын адаштырып жатышы мүмкүн. - Мени съездге чакырышкан жок. Эмнеге экени түшүнүксүз. Менимче, Алмазбек Шаршеновичти жанындагылар атайын адаштырып жатышат. Болбосо парламенттик шайлоодо КСДПга Кара-Суудан 45 миң добуш алып бергем. Жергиликтүү шайлоолордо да КСДПга эң көп добуш топтогонбуз,- деди Матраимов. Читать дальше...

Газа тилкесинде өлгөн палестиналыктардын саны 15ке жетти

Azattyk.org 

Палестинанын саламаттык сактоо министри Израил-Газа чегинде болгон израилдик аскерлер менен палестиналыктардын кагылышуусунан 15 палестин каза таап, жүздөгөн адамдар жарадар болгонун расмий билдирди. Кагылышуу 30-мартта башталган. БУУнун Коопсуздук Кеңеши 30-мартта чукул жыйынган чогулуп, Газадагы кан төгүүнү жабык талкуулады. Газа секторундагы палестиндер Израилдин чек арасына чатырларды тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын башташты. Алар муну менен палестин качкындарынын азыр Израил... Читать дальше...

Бишкекте КСДПнын жыйыны өттү

Azattyk.org 

Бишкекте КСДПнын съезди соңуна чыкты. Съезддин жыйынтыгында экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагасы болуп шайланганы белгилүү болду.

Бишкекте КСДПнын жыйыны башталды

Azattyk.org 

Бишкекте КСДПнын съезди өтүп жатат. Съезддин күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат.

Бишкекте КСДПнын жыйыны өттү (Түз эфир)

Azattyk.org 

Бишкекте КСДПнын съезди соңуна чыкты. Съезддин жыйынтыгында экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагасы болуп шайланганы белгилүү болду.

КСДП курултайына Алмазбек Атамбаев келди

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматынын коштоосунда Бишкектеги “Орион” мейманканасына келди жана КСДП партиясынын курултайы башталды. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчылары жеринен кабарлашты. КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” курултайына журналисттер киргизилбесин, бирок Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтөрүн айткан. Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайына 190 делегат чакырылган.... Читать дальше...

КСДП съездине Атамбаев келди

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматынын коштоосунда Бишкектеги “Орион” мейманканасына келди жана КСДП партиясынын съезди башталды. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчылары жеринен кабарлашты. КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” съездге журналисттер киргизилбесин, бирок Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтөрүн айткан. Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын съездине 190 делегат чакырылган. Бирок белгисиз себептерден улам жыйынга партия мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков... Читать дальше...

КСДП курултайына Оштон келген төрт делегат киргизилген жок

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайына Оштон чакырылган төрт делегат киргизилген жок. Бул тууралуу курултайга кирбей калган делегаттардын бири Алишер Бакышев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, уюштуруучулар “тизмеде жоксуңар” деген шылтоо менен киргизген эмес. - Биз Оштон атайын делегат болуп шайланып келгенбиз. Төртөөбүз кирбей калдык. Күзөтчүлөр имаратты тосмолоп, киргизбей коюшту. Баарыбыз тең дээрлик он жылдан бери партиянын мүчөсүбүз, - деди Бакышев. Маалыматка ылайык, аталган төрт делегат Араван... Читать дальше...

КСДП съездине Оштон келген төрт делегат киргизилген жок

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын съездине Оштон чакырылган төрт делегат киргизилген жок. Бул тууралуу съездге кирбей калган делегаттардын бири Алишер Бакышев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, уюштуруучулар “тизмеде жоксуңар” деген шылтоо менен киргизген эмес. - Биз Оштон атайын делегат болуп шайланып келгенбиз. Төртөөбүз кирбей калдык. Күзөтчүлөр имаратты тосмолоп, киргизбей коюшту. Баарыбыз тең дээрлик он жылдан бери партиянын мүчөсүбүз, - деди Бакышев. Маалыматка ылайык, аталган төрт делегат Араван... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *