Түркмөнстанда мал кырылууда
Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашөгүз облусунда мал ылаңдап, кырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди. - Чечек жөнүндө айтып жатышат. Бирок мамлекет менен ветеринардык кызматтар эч кандай чара көргөн жок. Жергиликтүү тургундардын биринин 17 ую бар болчу, бир ай мурда дароо он ую өлүп калды. Калгандарын болсо шашылыш түрдө арзан баада сатып жиберди, — деди кабарчы. Бир күн мурун өлкөнүн батыш аймактарында да мал кырылып жатканы кабарланган. Басылма... Читать дальше...