Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 16.11.2018

Мамкаттоо Кулматов боюнча арызын кайтарып алганына түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи май райондук сотуна берген арызын кайтарып алган себебин түшүндүрдү. Мекеменин юристи Бакыт Жакеев “Азаттыкка” берген комментарийинде, арыз анда көрсөтүлгөн маалыматтарды толукташ үчүн чакыртылып алганын айтты. - Азырынча Кулматовдун паспортун мыйзамдуу же мыйзамсыз деп жыйынтык чыгаруу эрте. Биз баштапкы соттук отурумда кээ бир документтер, кошумча-алымчалар керек экенин түшүндүк. Читать дальше...

Бишкекте Жаштардын жана студенттердин фестивалы аяктады

Azattyk.org 

16-ноябрда "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандагы жаштардын жана студенттердин фестивалы жыйынтыкталды. Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турчу Ишкерликтин дүйнөлүк жумалыгынын аякташына туш келген. Фестивалдын жүрүшүндө чакырылган коноктор жаштар менен талкуу уюштуруп, Ишкерликтин дүйнөлүк жумалыгынын жыйынтыгын чыгарды. Студенттер менен баарлашууга футбол боюнча Кыргызстандын эң мыкты деп эсептелген чабуулчусу Антон Землянухин, "Ак илбирс" сыйлыгынын ээси Азамат Уланов жана башка ар кайсы тармактарда ийгиликке жеткен жаштар келген.

Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке кирет

Azattyk.org 

Бүгүн Тажикстанда Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке киргизилет. Атайын аземге президент Эмомали Рахмон баштаган бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлүк коноктор, алардын ичинде CASA-1000 долбооруна кирген мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Дүйнөнүн 30дан ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери чакырылган.  Адистердин айтымында, ишке бериле турган агрегат текшерүү режиминен өткөн. «Учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 214 миллион куб метрди түзөт. Бул ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизүүгө жетиштүү»... Читать дальше...

Бир нече мамлекет башчылары президент Жээнбековду мааракеси менен куттуктады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда 60 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Анын туулган күнү менен Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан мамлекеттеринин башчылары куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Куттуктоо телеграммасында президенттер Жээнбековдун аталган мамлекеттер менен алакасынын жакшырышына салым кошконун белгилеп, ага ден соолук каалашкан. Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Совет районунун (азыркы Кара-Кулжа району) Кара-Кулжа айылында туулган. Читать дальше...

Пхеньян бир ай мурда кармалган АКШ жаранын депортациялайт

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын бийлиги "өлкөгө мыйзамсыз жол менен кирген" деген негиз менен бир ай мурда кармалган америкалык жаранды депортация кылат. Бул тууралуу "Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги" 16-ноябрда кабарлады.  Маалыматка ылайык, АКШнын жараны 16-октябрда Кытайдан Түндүк Кореяга өтүп келген. Мамлекеттик агенттик расмий Пхеньян аны эмне үчүн өлкөдөн чыгарууну чечкенин так билдирген жок.  Айрым талдоочулар бул чечимди Пхеньяндын АКШ менен диалогду улантууга болгон дилгирлигинин белгиси катары мүнөздөп жатышат. Читать дальше...

Кыш катуу болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Кышка отун-сууну мол камдадыңызбы? Быйыл кышында кар нормадан көп жаап, катуу суук болушу мүмкүн.

Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясына кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясына (Э.Д.) жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 302-беренеси (“Коррупция”), 313-1-беренеси (“Пара алуу”), 313-2-беренеси (“Пара берүүгө ортомчулук кылуу”) жана 314-беренеси (“Пара берүү”) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу маалымат башкы көзөмөл мекемесинин өзүнөн алынды.  Анда айтылгандай, сот кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүлөргө барып, фирмалардын биринин мүлкүн тартып алууга көмөктөшкөн бир катар чечимдерди кабыл алган. Читать дальше...



Экстремизм боюнча айыпталган тажик мугалими абакка кесилди

Azattyk.org 

Тажикстанда "Экстремизм" беренеси боюнча айыпталган 22 жаштагы англис тил мугалими Жахонгир Косимов, анын төрт окуучусу жана дагы беш адам абакка кесилди.  Дүйшөмбү шаардык соту 16-ноябрдагы өкүмү менен Косимовду 19 жылга эркинен ажыратты. Сот аталган мугалим жаштарды "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна азырганы аныкталганын билдирди.  Сот Косимовдун төрт студенти менен кошо баш-аягы 9 адамды "диний экстремизмди пропаганда кылган", "экстремисттик топко кошулууну көздөшкөн" деп тапты. Аларга... Читать дальше...

Путин: Орусия мунай маселесинде Саудия менен кызматташат

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путин Москва мунай өндүрүшүн азайтуу багытында Сауд Арабиясы менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда ал дүйнөлүк рыноктогу мунайдын азыркы баасы Орусия үчүн ылайыктуу эле экенин белгиледи. Аптанын башында расмий Эр-Рияд дүйнөлүк рынокту тең салмактоо жана мунайдын кескин арзандашынын алдын алыш үчүн ноябрь айынан тартып мунай өндүрүшүн 500 миң баррелге азайтаарын жарыялаган. Сауд Арабиясы дүйнөлүк масштабда мунай өндүрүүнү октябрь айындагы деңгээлинен күнүнө 1 миллион баррелге кыскартууга чакырган. Читать дальше...

Ошто Асылбек Момуновдун жаркын элесине арналган футбол турнири өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн Ош шаарында жаш өспүрүмдөр арасында белгилүү кыргыз футболчусу Асылбек Момуновдун жаркын элесине арналган футбол боюнча эл аралык турнир өтүп жатат. Ага Өзбекстандан, Казакстандан жана Кыргызстандан он чакты команда катышууда. Мелдеш Асылбек Момунов атындагы футбол академиясында 16-20-ноябрь күндөрү өтөт. Асылбек Момунов жарым коргоочу болуп Кыргызстандын “Алай”, “Алга”, Болгариянын “Хасково”, Өзбекстандын “Пахтакор”, Казакстандын “Кайнар” клубдарында ойногон. Ал 1996-жылы 29-мартта Алматы-Талдыкоргон... Читать дальше...

Таласта жакырчылык күч алды

Azattyk.org 

Таласта жакырчылык былтыркыга салыштырмалуу 0,7% өстү. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, 2017-жылы аймактагы 43 миң 121 түтүндүн 25,7 пайызы жакырчылык абалында болсо, быйылкы жылдын тогуз айында жакырчылыктын деңгээли 26,4 пайызды түзгөн. Тагыраагы, аймакта 5728 үй-бүлө аз камсыз болуп саналат. Алардын бир айлык кирешеси 900 сомго жетпейт. Жакырчылыктын деңгээли мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын санына жараша өлчөнөт. Читать дальше...

Жээнбеков: Атамбаевдин мени жетеленме кылгысы келгени орунсуз

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков “24.kg” маалымат агенттиги менен кенен маектешип, бийликте турган бир жылындагы жеткишкендиктери, коррупция менен күрөш, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), тышкы, ички саясат тууралуу ойлорун билдирди. Анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси жөнүндө да ачык пикирлерин айтты. Жээнбеков шайлоо учурундагы “Көч уланат” деген урааны жөнүндө түшүндүрмө берип, бул Атамбаевдин эмес, мамлекеттин, элдин көчү экенине токтолду. Мамлекет башчы экс-президент менен акыркы жолу 29-мартта... Читать дальше...

Фарид Ниязов: Токтакунов жарыялаган документте айтылган ысымдар чын

Azattyk.org 

КСДПнын өкүлү, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязов укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документте чыныгы ысымдар жана иш-чаралар жазылганын билдирди. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тараткан билдирүүдө Ниязовдун комментарийи келтирилген: "Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Читать дальше...

Фарид Ниязов: Токтакунов жарыялаган документте айтылгандар чын

Azattyk.org 

КСДПнын өкүлү, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязов укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документте чыныгы ысымдар жана иш-чаралар жазылганын билдирди. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тараткан билдирүүдө Ниязовдун комментарийи келтирилген: "Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Читать дальше...

Рысалиев: Жээнбековго иштегеним чын, бирок Токтакунов жарыялаган акчаны алган эмесмин

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 2017-жылкы шайлоо өнөктүгүндө андагы талапкер Сооронбай Жээнбековго иштегенин мойнуна алып, бирок адвокат Нурбек Токтакунов жарыялаган документтеги акчаны албаганын "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди.  - Токтакунов кимдин буюртмасын аткарып жатканын билбейм. Эгер чын болсо ошол документтерди алганын ачык жарыяласа же менин кулагыма келип, "эй, Зарыл, ушундан алдым" деп шыбыраса колун кысмакмын, - деди Зарылбек Рысалиев. Читать дальше...

КСДП абактагы партиялаштары үчүн кабатыр

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) анын абактагы саясий кеңешинин мүчөлөрү Сапар Исаковдун, Кубанычбек Кулматовдун жана Албек Ибраимовдун кылмыш иштери сотко өтпөй, кечеңдегенин далилдин жоктугу менен байланыштырды.

Дастан Бекешев мэрияга жол тыгындарын жөнгө салуунун ыкмасын сунуш кылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы эртең менен жана кечинде пайда болуп жаткан тыгындардын маселесин чечиш үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жолдорду чектелүү убакытка бир тараптуу кылууну сунуш кылды. Депутат "Азаттыкка" бул тууралуу сунушун мэрияга айтканын билдирди:  - Эртең менен өйдө баратканда тыгын жок, а бирок ылдый баратканда тыгын бар. Кечинде тескерисинче болот. Кээ бир жолдордун дээрлик бардык тилкелерин убактылуу бир тараптуу кылып коюш керек. Коомдук транспортко гана уруксат берип, бир тилкени бөлүп бериш керек. Читать дальше...

Журналисттердин “кат куржуну” президентке тапшырылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын бир катар массалык маалымат каражаттарынын журналисттеринин каттары салынган “кат куржуну” президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага тапшырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” каттарды чогултуу боюнча уюштуруу тобунун жетекчиси Элнура Кулуева билдирди. Ал куржунга жалпысынан 60тай кат салынганын айтып, алардын ар биринин мазмуну менен тааныш эмес экендигин белгиледи. Ошентсе да Кулуева журналисттер элдик маселелер боюнча да, жеке маселелер боюнча да даттанышканын кошумчалады. Читать дальше...

Эрлан: Кулагым укпаганды жүрөгүм угат

Azattyk.org 

Эрланды апасы жети айлыгында таштап кеткен, чоңойгондо атасы да каза болгон. Өзүнүн айтымында, жыгылып, омурткасын мертинтип алган. Ошондон кийин кулагы укпай, аксап басып калган. Анткен менен Эрлан тагдырына таарынбайт. Учурда ал актер болууну самап, атайын курска да барып жатат. Андан тышкары спорт менен машыгат. Келечекте машыктыруучу болууну самайт.

Нарында мыйзамсыз ок атуучу курал алынды

Azattyk.org 

Нарын облустук чек ара башкармалыгы менен менен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери чогуу жүргүзгөн алдын алуу чараларынын жүрүшүндө 51 жаштагы тургундун колунан мыйзамсыз ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү мылтык 5,6 мм. калибрде экени такталып, уруксат кагазы жок экени белгилүү болду. Курал Ак-Таш кыштагында пайдаланылып жүргөн. Иликтөө иштери уланууда. Ички иштер министрлиги куралды жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *