Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 21.11.2018

Сан-Францискодо сот Трамптын жарлыгына убактылуу бөгөт койду

Azattyk.org 

Сан-Францискодогу федералдык сот президент Дональд Трамптын Мексика тараптан мыйзамсыз өткөн мигранттарга башпаанек бербөө жөнүндө жарлыгына убактылуу бөгөт койду. Ал 19-декабрга чейин күчүндө турат. Президент Трамптын администрациясы АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттардын качкын макамын алууга арыз берүүсүнө бөгөт койгон чектөөнү 8-ноябрда киргизди. Иммигранттардын адвокаттары бул чараны дароо сынга алып, ал АКШнын азыркы мыйзам жоболоруна каршы келерин билдиришти. Бирок Ак үй “эгер улуттук кызыкчылыктагы иш деп тапса”... Читать дальше...

«Жүк 200» боюнча өкмөттүк жөлөкпул 6 миллион 350 миң сомду түздү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы 1-июндан тарта жаңы токтомго ылайык, чет жакта каза болгон 127 жарандын сөөгүн алып келүү боюнча алардын үй-бүлөлөрүнө  жардам катары 50 миң сомдон жөлөкпул берди. «Жүк 200» боюнча өкмөттүк жөлөкпулдун жалпы суммасы 6 миллион 350 миң сомду түздү.   Бул тууралуу Миграция кызматынын маалыматтык борборунун жетекчисинин орун басары  Алмаз Алыбаев билдирди.   Анын билдиришинче эки кайрылуу боюнча коммиссия жөлөкпул чегербөө чечимин чыгарган. Биринчисинде... Читать дальше...

АКШ орусиялык эки компанияга санкция салды

Azattyk.org 

АКШнын Каржы министрлиги Ирандын мунайын Сирияга ташууга катышкан делген орусиялык эки компанияга санкция салды. Орусиянын "Промсырьеимпорт" ишканасы, анын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Догаев жана Global Vision Group компаниясы Вашингтондун «кара тизмесине» түштү. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин сайтына жарыяланды. Вашингтондун маалыматына караганда, мындай чара “Иран жана Орусия Асаддын режимин бекемдөө үчүн” колдонуп жаткан схемага каршы көрүлүп жатат.            "Промсырьеимпорт" ... Читать дальше...

Мадумаров: биздикилерге түштөн кийин акыл кирет (видео)

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы айткандары тууралуу комментарий берди. Ал мурдагы президенттин билдирүүлөрүн "кечиккен өкүнүч" деп баалады:  - Атамбаевдин берген интервьюсу боюнча, "кечиккен махабат" деген түшүнүк бар го. Бул өтө кечиккен өкүнүч. Кээ бир жерлерин туура айтып жатат. Бирок ошол туура айткан жерлерин бир жарым жыл премьер-министр, алты жыл президент -... Читать дальше...

Мадумаров: биздикилерге түштөн кийин акыл кирет

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы айткандары тууралуу комментарий берди. Ал мурдагы президенттин билдирүүлөрүн "кечиккен өкүнүч" деп баалады:  - Атамбаевдин берген интервьюсу боюнча, "кечиккен махабат" деген түшүнүк бар го. Бул өтө кечиккен өкүнүч. Кээ бир жерлерин туура айтып жатат. Бирок ошол туура айткан жерлерин бир жарым жыл премьер-министр, алты жыл президент -... Читать дальше...

Оштогу дарыгерлердин "бизнеси"

Azattyk.org 

Баякүнү адеп көзүм кычыша баштады. Алгач "бирдеме кирип кеткен окшойт" деп маани бербедим. Көзүмдү кызарта ушалап эки күн жүрдүм.

Баткен: жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерине кол салуу болду

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери кол салуудан жабыркап, ооруканага түштү. Облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чолпонбай Арстанбеков "Азаттыкка" билдиргендей, окуя 19-ноябрда болгон. Маалыматка караганда, жаракат алган кызматкер жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон учурда ал буйрукка баш ийбей качып кеткен. Укук коргоо органынын өкүлү анын артынан кууп жеткен. Мас абалдагы айдоочуну кармап, машинесин... Читать дальше...



Си Цзиньпин эгемендүү Палестина өлкөсүн колдоду

Ca-irnews.com (kg) 

Кытай Эл Республикасынын өкүлү  Палестина автономиясынын президенти Махумуд Аббаска эки өлкөнүн расмий мамилелеринин 30 жылдыгына карата куттуктоо  жиберүү менен өз өлкөсү Палестинанын эгемендүүлүгүн колдоорун билдирген.

Ооганстанда апийимдин түшүмү азайды

Azattyk.org 

Ооганстанда быйыл апийимдин түшүмү азайды. Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин эң соңку иликтөөсү мына ушуну көргөздү.

Интерполду түштүк кореялык Ким Чон Ян жетектейт

Azattyk.org 

Дубайда өтүп жаткан жыйында Интерполдун жаңы президенти болуп бул уюмду убактылуу жетектеген түштүк кореялык Ким Чон Ян шайланды. Бул тууралуу эл аралык уюм "Твиттер" баракчасына жарыялады.   Ага атаандаш болуп Интеполдун вице-президенти, орусиялык генерал Александр Прокопчук талапкерлигин койгон. Өткөн аптада "төрагалыкка генерал Александр Прокопчук келиши ыктымал" деген маалымат тараган соң бул талапкерге каршы үндөгөндөр күчөдү. "Москва саясий оппоненттерине каршы күрөштө эл аралык агенттикти... Читать дальше...

ГЭС чуусу: Чыгымын доолаган "СИМИ ДОО"

Azattyk.org 

Сербиялык “СИМИ ДОО” компаниясы Жогорку Нарын каскадынын 2016-жылга чейинки курулушуна кеткен чыгымдарын кыргыз өкмөтүнөн өндүрө албай жатат.

"Хизбуттун" Өзбекстандагы башчысы уюмдан чыкты

Azattyk.org 

Учурда Өзбекстанда абакта отурган, бир кезде өлкөдө катуу чуу салган «Хизбут-Тахрир» уюмунун лидеринин кайрылуусу чыкты. Ал бул уюмдан чыкканын айтып, башкаларды да ушул жолго үндөп жатат.

"Ата Мекен" Текебаевдин иши боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар партиянын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону өтүнүп, президентке кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууну фракция лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов окуп берди.   Анда Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун камакка алууда башкы күбө болгон орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин Москвада алдамчылык үчүн шекүү катары камалганы анын шылуун экенин айгинелеп жатканы белгиленген. Читать дальше...

Абжалиев агасы журналисттер жазгандан кийин кызматтан кеткенин билдирди (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев агасы Ихтияр Абжалиевдин "Мегаком"  мобилдик компаниясынын логистика бөлүмүнүн жетекчилигинен кеткен себебин "Азаттыкка" айтып берди. Ал бир тууганы операция болуп, ооруканада жатканын, ошол жактан арыз жазып бергенин, журналисттерге нааразы экенин билдирди. Анын айтымында, агасынын арыз жазышына маалымат каражаттарына чыгып кеткен кабар себеп болгон.   - Агам Бажы тармагында иштеп, 2-3 облуста жетекчи болгон. Пенсияда болчу. Читать дальше...

Террорго тартылган тажик мигранттары

Azattyk.org 

Тажикстандын жүздөгөн жарандары террордук же экстремисттик уюмдарга эмгек миграциясында жүргөн кезинде кошулушкан. Бул тууралуу парламенттик угууда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Мансуржон Умаров билдирди.

"Тизмегейт" жана Маевский боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-ноябрдагы сессиясында Кыргызстандагы саясий абалды талкуулоо демилгеси көтөрүлдү. "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун камакка алууда башкы күбө болгон орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин Москвада камакка алынышы, "тизмегейт" деген аталыш менен белгилүү президенттик шайлоонун акча каражаттарына байланышкан маселелер боюнча депутаттык комиссия түзүү керектигин сунуштады. Читать дальше...

Менин баатыр жеңем. Уланбек Эгизбаевдин акыркы тасмасы

Azattyk.org 

Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай жайлоосунда төрөлүп, тоо коюнунда бой жетип, бактысын ошол жерде таап жети балалуу болгон баатыр эне Айнагүл Исакованын бир күндүк түйшүгү тартылган. Таң аткандан күн батканга чейин жаны тынбаган Айнагүл менен анын үй-бүлөсүнүн жайлоодогу түйшүгү тууралуу маркум кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев менен операторубуз Бексултан Абибакир уулу быйыл жайында тартып келишкен. Улан бүтүрө албай калган тасманы Бексултан аягына чыгарып, аны сиздерге тартуулаган турабыз. Читать дальше...

Коомдук каналдын айдоочулары иш таштады

Azattyk.org 

Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) айдоочулары бүгүн, 21-ноябрда иш таштады. Бул тууралуу иш таштагандардын бири, коомдук каналдын айдоочусу Арсланбек Курманов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, нааразылык КТРКнын Автотранспорт цехинин жетекчиси Рерих Абакировдун иштен алынганына байланыштуу чыккан. Нааразы тарап каналдын жетекчилиги аны негизсиз эле жумуштан алганын айтып жатат:  - Эч кандай себеби жок эле эртең менен жумушка келсек цехке башка киши жетекчи болуп калыптыр. "Биз аны менен иштеше албайбыз... Читать дальше...

Талашка тамызгы болгон "Райым миллион"

Azattyk.org 

​Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы маегинде Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго дагы токтолду. Ал “Райым миллион” каймана аты бар бажычыны “капчыкка” салыштырып, президент Сооронбай Жээнбеков аны калкалап жатканын белгиледи.

Билаш: Кытайда 50 миңден ашык кыргыз камалганы тууралуу маалымат бар

Azattyk.org 

Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кетти. Бул тууралуу Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун өкүлү, активист Серикжан Билаш "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган уюмга камакка алынган кытайлык кыргыздардын саны тууралуу кабар эки ай мурда келген. Эки айдан берки кармалгандарды эске алганда камакка алынгандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн. Билаштын маалыматына караганда, акыркы кездери маалымат каражаттарында "Кытайда жалаң гана мусулмандар... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *