Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 22.11.2018

Кеминде автоунаа дарыяга кулап, эки адам каза болду

Azattyk.org 

Чүй облусунун Кемин районунда “ГАЗ-53” үлгүсүндөгү автоунаа Чоң-Кемин дарыясына кулап, андагы эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык 22-ноябрга караган кечте болгон. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдардын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Каза болгондордун экөө тең эркек, 41-42 жаштагы жарандар экени такталды. Автоунаада башка адам болгон эмес. Баштапкы маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Читать дальше...

Карамушкина Ош мэринин жарандыгын иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Парламенттин бүгүн, 22-ноябрдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин кош жарандыгын текшерүүнү сунуштады.  Ал УКМК жетекчилигине кайрылып, эгерде мэр чет элдик жарандыгын атайылап жашырган болсо, анда ал камакка алынышы керек деп билдирди. - Орусиянын Салык кызматынын сайтында Таалайбек Сарыбашевге 2016-жылдын ноябрында орус паспорту берилгени жазылган. Азыркы туруктуу жашаган жери Новосибирск деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, Орусиянын... Читать дальше...

Туристтерге кол салган адам соттолду

Azattyk.org 

Тажикстандын Жогорку соту чет өлкөлүк туристтерди өлтүрүүгө негизги айыпкер болуп табылган Хусеин Абдусамадовду өмүр бою эркинен ажыратты.

Депутат кийинки жылды Экология жылы деп жарыялоону сунуш кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 22-ноябрдагы сессиясында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Рада Туманбаева ушундай демилге көтөрдү. Ал келерки жылды Экология жылы деп жарыялоо тууралуу президентке сунуш киргизээрин билдирди. Депутаттын айтымында, учурда экология тармагында чечиле турган маселе көп.   Бишкекте акыркы кезде абанын булганышы башкы экологиялык мүшкүлгө айланды. "Move Green" коомдук кыймылы баш калаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана... Читать дальше...

Кийинки жылды Экология жылы деп жарыялоо сунушталды

Azattyk.org 

Мындай демилгени Жогорку Кеңештин бүгүн, 22-ноябрдагы сессиясында "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Рада Туманбаева көтөрдү. Ал келерки жылды Экология жылы деп жарыялоо тууралуу президентке сунуш берээрин билдирди. Анын айтымында, учурда экология тармагында чечүүгө муктаж көйгөйлөр көп.   Бишкекте акыркы кезде абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. "Move Green" коомдук кыймылы башкалаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги муну четке кагууда. Читать дальше...

Чет жактагы мекендештер менен иштешүү боюнча президентке караштуу кеңеш түзүлдү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Кеңеш чет жакта иштеген мигранттардын маселелерин чечип, колдоо көрсөтүү, Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго мекендештердин инвестиция салышына көмөктөшүү жана башка багыттарда иш алып барат. Кеңеш бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялайт. Бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт. Кеңештин курамына президент өзү... Читать дальше...

Президенттин алдында чет жактагы мекендештер менен иштешүү кеңеши түзүлдү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Кеңеш чет жакта иштеген мигранттардын көйгөйүн чечип, колдоо көрсөтүү, Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго мекендештердин инвестиция салуусуна көмөктөшүү жана башка багыттарда иш алып барат. Кеңеш бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялайт. Бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт. Читать дальше...



Абактагыларга жол ачкан мыйзам долбоору

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун тармактык комитетке талкууга чыгарды. Парламент мыйзамды кабыл алса, камактагы миңге жакын киши бошотулушу мүмкүн.

Каптагаев: Жээнбеков менен Атамбаев айтышты токтотушу керек (видео)

Azattyk.org 

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” теле берүүсүндө президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бири-бирине жооп бергенди токтотушу керек деген пикирин билдирди. - Азыр мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн азыркы жана мурдагы президенттер бири-бирине жооп бергенди токтотушу керек. Кимдин ким экени сөз менен эмес, иш менен далилдениши керек. Мамлекеттик кызыкчылык азыр ушуну талап кылат. «Ыңгайсыз суроолор»: Президент экстерди чогултту: кийинки кадам кандай? Читать дальше...

Тарыхый мекенине кайтып келген 331 кыргыз жарандык алды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жарлыгына ылайык, чет жакта жашап жүрүп, тарыхый мекенине кайткан 331 кыргыз өлкө жарандыгын алды. Жарандык алгандардын 286сы чоң адамдар болсо, 45и балдар. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.  Мындан сырткары президенттин жарандыктан чыгаруу жарлыгына ылайык, 364 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. Алардын 305и чоң адам болсо, 59у балдар. (TSh)

“Айыл банк”: аймактардагы долбоорлорду каржылоону көбөйттүк

Azattyk.org 

2018-жылы “Айыл банк” аймактардагы долбоорлорго насыя берүүнүн жалпы суммасын 12 миллиард сомго көбөйттү. Бул тууралуу “Айыл Банктын” жетекчиси Мурат Акимов билдирди.  Анын айтымында, 9 миллиард сомго дагы 3 миллиард сомду кошуу аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашкан. 2018-жылдын март айынан тартып айыл чарба багытында берилген насыялардын үстөк пайызын жыйырмадан он сегизге азайтышкан. Ал эми 2019-жылы үстөк пайыздарды он алтыга түшүрүү пландалып жатканы айтылды.  “Айыл банк”... Читать дальше...

Мэр: Иштетилбеген жерлердин ижара акысын көтөрөбүз

Azattyk.org 

21-ноябрда өткөн шаардык кеңештин жыйынында калаа башчысы Азиз Суракматов Бишкекте ижарга алып иштетилбей жаткан участкалардын акысын эки эсе көтөрүүнү сунуштады. Суракматов учурда ижарага алынган жерди кайра сатуу үчүн эч нерсе салбай кармап турган кызык кулактар бар экенин айтты.  Мэрдин маалыматында үч жыл ичинде Бишкекте 84 гектар жер берилип, анын көпчүлүгүндө сынак ачык эмес өткөн. Азиз Суракматов шаардык кеңештен учурда ижарага берүүгө даяр турган жыйырмага чукул участканын сынагын токтотууну суранды. Читать дальше...

Бишкек мэри: Иштетилбеген жерлердин ижара акысын көтөрөбүз

Azattyk.org 

21-ноябрда өткөн шаардык кеңештин жыйынында мэр Азиз Суракматов Бишкекте ижарага алып иштетилбей жаткан тилкелердин ижара акысын эки эсе көтөрүүнү сунуш кылды. Суракматов учурда ижарага алынган жерди кайра сатыш үчүн эч нерсе салбай кармап турган кызык кулактар бар экенин айтты.  Мэрдин маалыматына караганда үч жыл ичинде Бишкекте 84 гектар жер берилип, анын көпчүлүгүндө сынак ачык өткөн эмес. Азиз Суракматов шаардык кеңештен учурда ижарага берүүгө даяр турган жыйырмадай жер тилкесинин сынагын токтотууну суранды. Читать дальше...

Саруу окуясы боюнча басма сөз жыйыны өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте “Намыс” саясий кыймылы 2013-жылы Кумтөргө байланышкан Саруу окуясы боюнча басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Басма сөз жыйынында 2013-жылы саруулук тургундардын камалганына ким күнөөлүү болгону жана өлкөдөгү саясий абал боюнча кеп болот.    Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүү талабы менен 2013-жылдын май айынан тартып митингдерди уюштура башташкан. Каракол шаарында болгон митинг ошол кездеги облус башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон.

Саруу окуясы боюнча маалымат жыйыны өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте “Намыс” саясий кыймылы 2013-жылы Кумтөргө байланышкан Саруу окуясы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. Маалымат жыйында 2013-жылы саруулук тургундардын камалганына ким күнөөлүү болгону жана өлкөдөгү саясий абал боюнча кеп кылышат.    Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан тарта митингдерди уюштуруп баштаган. Каракол шаарында болгон митинг ошол кездеги облус башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон. Читать дальше...

Саясатчы Мамырова Жээнбековдун туугандарына кайрылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” теле берүүсүндө президент Сооронбай Жээнбековдун туугандарына кайрылып, мамлекет башчысын уят кылбоого чакырды. - Мен ушул жерден пайдаланып айтат элем. Куда-сөөк, тууган, жакындары президентти ыңгайсыз абалга калтырбагыла. Өздөрүнүн жөндөмүнө, деңгээлине жараша кызмат кылып берсе деп айтат элем, -деди Мамырова.   20-ноябрь күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде азыркы бийлик... Читать дальше...

Бишкекте ишканаларды тоноп жүргөн топ кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында ар кандай компаниялардын кеңселерин тоногон деген шек менен беш киши кармалды. Шаардык милициянын маалыматында, Бишкектеги жеке менчик ишканалардын бирининин жетекчиси арыз менен кайрылган. Арызда 13-ноябрь түнү аталган ишкананын кеңсесине белгисиз кишилер кирип, 500 миң сомдон ашык акчасын, мөөр, керектүү документтерди карактап кеткен.  Окуя боюнча иш козголуп, кылмышкерлерге издөө жарыяланган. Ал эми 18-ноябрь түнү насыя берүүчү компанияны карактоо учурунда беш киши колго түшүп... Читать дальше...

Үмөталиева: Чыныгы саясатчы мунапыс сурабайт

Azattyk.org 

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева соңку кездерде мурдагы бийлик тушунда соттолгон саясатчыларга мунапыс колдонуу боюнча жүрүп жактан талкууларга өз пикирин билдирди. Үмөталиеванын божомолунда, камакта жаткан саясатчылар мунапыс колдонуп, эркиндикке чыгууга макул болушпайт. - Ачык айтайын, мунапыска накта саясатчы барбайт. Өзүнүн укугун коргойм, актыгымды далилдейм деген саясатчылар мунапыс сурашпайт. Укук коргоочу азыркы бийлик элге сөзү өткөн коомдук ишмер, саясатчы, юристтерден турган топ түзүп... Читать дальше...

"Вечерний Бишкектин” ээси Рябушкин камакка алынды

Azattyk.org 

"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкин кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Милициянын маалыматка ылайык, акционердин арызынын негизинде "Вечерний Бишкек" басма үйү текшерилип, жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуу болгону аныкталды. 2016-жылы Бишкек шаардык соту "Вечерний Бишкек" басма үйүн, "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясын, vb.kg Интернет сайтын, "Жаңы агым” гезитинин редакциясын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *