Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 24.11.2018

Түлеев: Атамбаевди камаш керек, Жээнбековду колдойлу

Azattyk.org 

Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев камалат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” курултайында билдирди. Түлеев Атамбаев менен бир учакка чогуу отуруп калып 3,5 саат сүйлөшкөнүн, “акыры камаласың деп баарын бетине” айтканын, ал “макул” дегенин айтты. “Камалууга да даяр экен бул киши” деп кошумчалады. - Атамбаевди камаш керек – бул бүгүнкү иш. Эртеңки иш – мен урматтуу Сооронбай Шариповичти тааныбайм, өмүрүмдө колун кармап көргөн эмесмин... Читать дальше...

Токтакунов: Жээнбеков Атамбаевдин кылмыштуу системасын колдонууда

Azattyk.org 

Адвокат Нурбек Токтакунов мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түзгөн кылмыштуу системаны колдонуп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” курултайында сүйлөп жатып билдирди Токтакунов жактоочу катары көптөгөн соттук процесстерге катышып жүргөнүн, андыктан бийликтин буйругун аткарган соттор, прокурорлор жана тергөөчүлөр дагы эле өз ишин улантып жатканын айтты: - Атамбаевдин эң негизги жоопкерчилиги – ал сотторду... Читать дальше...

Кытайдын Карачидеги консулдугуна кол салуу болду

Azattyk.org 

Кытайдын Пакистандын ири шаарларынын бири Карачиде жайгашкан консулдугуна үч адам кол салып, аларды коопсуздук кызматкерлери жок кылышты. Кол салгандар Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кирип барууга аракет кылышкан. Карачи полициясынын маалыматына караганда, алар имаратка миналар коюлган машине менен барышкан. Ок атышуу учурунда эки полиция кызматкери каза таап, бирөө жарадар болду. Кытай консулдугунан эч ким жабыркаган жок. Кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө “Белужистанды бошотуу армиясы” тобу алды. Читать дальше...

Бишкектин жолдоруна алгачкы стробоскоп коюлду

Azattyk.org 

Бишкекте Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетинин имаратынын алдындагы жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнө стробоскоп жабдуусу коюлду. Бул тууралуу “Жол коопсуздугу” коомдук уюму билдирди. Жарык берүүчү жабдуу жол белгилери менен кошо орнотулуп, 100 метр аралыкта турган машинеге жөө киши өтүп бара жатканы көрүнөт. Ал баскычын басканда иштеп, жөө жүргүнчү  коопсуз өтө алат. Мындай жабдуу электр энергиясын талап кылбай, күндүн нурунан кубат алып иштейт. Читать дальше...



Келдибеков "Кумтөр" келишимин денонсациялоого чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков кыргыз өкмөтү "Кумтөр" долбоору боюнча келишимден чыгышы керек деп эсептейт. Мындай оюн ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайында айтты: - Акыркы алты жылда Кумтөр боюнча мамлекеттик, парламенттик комиссиялар түзүлдү. Бирок эч кандай тыянак чыккан жок. Ошол эле алты жылдын ичинде 120 тонна алтын мурдагы келишим боюнча казылып кетти. Бул эбегейсиз акча. Кумтөр келишимин коркпостон денонсациялоо кылыш керек.... Читать дальше...

Каптагаев: Атамбаевдин ишин баалоо үчүн парламентте комиссия түзүү зарыл

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык ишине баа берүү үчүн Жогорку Кеңеште атайын мамлекеттик комиссия түзүп, укуктук баа берүү зарыл. Мындай сунушун бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайында коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев айтты.  Ал мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин ишине саясий баа берилип, аларга "экс-президент" деген макам ыйгарылбаганын эскертип, "ал эми Алмазбек Атамбаевдин убагында кландык башкаруу орногон, натыйжада өлкөдөгү сот түзүмү... Читать дальше...

Бишкекте аритмология боюнча эл аралык илимий жыйын өтүүдө

Azattyk.org 

23-ноябрда Кыргызстанда Жүрөк, кан тамыр жана өпкө оорулары боюнча эл аралык Жибек жолу ассоциациясынын конференциясы өтүүдө. Аталган биримдиктин президенти Талантбек Батыралиев аймактагы аритмологиянын көйгөйлөрүнө токтолуп, бейтаптарды жогорку сапаттуу, заманбап техника менен дарылоого шарт түзүүнүн жолдорун айтты. Грузия, Азербайжан, Түркия, Борбор Азия өлкөлөрү, Монголия, Египет жана Ирандын догдурлары акыркы технологиялык жетишкендиктерди талкуулашты. (BCh)

Равшан Жээнбеков: Бийликти бир колго топтоого жол бербешибиз керек

Azattyk.org 

"Биз курултайды өткөрүүдө бийлик менен да диологго бардык" деп билдирди бүгүн "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайынын уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Равшан Жээнбеков. Жээнбеков буга чейинки ушундай иш-чараларда чагым, бут тосуулар болуп келсе, бул жолу андай терс көрүнүштөр жок экенин белгиледи. "Биз бийликти бир колго топтоого жол бербешибиз керек. Кыргызстанда 27 жылдан бери бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталган эмес, азыркы бийликтин тушунда да ошондой болууда. Эгер бийлик муну жөнгө салбаса Атамбаевдин тагдыры... Читать дальше...

Бекназаров Атамбаевдин тушунда камалгандардын ишин кайра кароого чакырды

Azattyk.org 

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан коомдук-саясий күчтөрдүн курултайында саясий негизде камакка алынгандардын маселесин көтөрдү. Ал "Атамбаевдин убагында саясий туткунга кабылгандардын иши кайра каралышы керек" деген оюн айтты. 2010-жылы бийлик алмашканда бир катар саясатчылардын иши кайрадан каралып чыкканын белгилеп, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген темада курултай өтүп жатат. Аны бир катар коомдук-саясий ишмерлер уюштуруп... Читать дальше...

Англис каналынан ирандык мигранттар куткарылды

Azattyk.org 

Сегиз кишиден турган ирандык мигранттардын тобу Британиянын түштүк жээгиндеги Англис каналында чакан кайыкта сүзүп жүргөн жеринен куткарылды. 23-ноябрда да аталган өлкөнүн Довер шаарына жакын кайыкта жалгыз сүзүп жүргөн мигрант табылган. Алар Англис жээктерине чейин кантип келгени азырынча белгисиз. 22-ноябрда 14 ирандык мигрант да Британ жээктеринен табылган. Бир жуманын ичинде эле 42 мигрант кайык менен Англияга сүзүп барышты. Бир айда келген ирандыктар 93 адамга жеткенин Би-Би-Си билдирет. Читать дальше...

Атамбаев курултайга катышкан жок

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан курултайга келген жок. Бул иш-чарага чакыруу жөнөтүлгөнүн жарандык активист Адил Турдукулов билдирген. Бирок КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "Бул чогулуш Алмазбек Шаршенович бара турган жыйналыш эмес. Чыныгы коомдун өкүлдөрү болгон демилгечилер четте калып, жеке максаттарын көздөгөн уюштуруучулар басымдуулук кылганы оркоюп эле көрүнүп калды" деп жооп берген. Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген темада курултай өтүп жатат. Читать дальше...

Бекназаров: Жээнбековго аванс менен канааттандырарлык деген баа берели

Azattyk.org 

Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен карама-каршылыктуу жана жагымсыз жагдайда чыр-чатаксыз чыга алгандыгы үчүн анын бир жылдык ишмердүүлүгүнө “аванс менен канааттандырарлык” деген баа берүү керек. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте коомдук-саясий күчтөрдүн курултайында сүйлөп жатып коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди. - Сооронбай Жээнбеков ары жагымсыз, ары чечкиндүү кадамдардын бирин жасады. Ал  кадам - аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошонуу. Читать дальше...

Жээнбеков курултайдын ишине ийгилик каалады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өтүп жаткан коомдук-саясий күчтөрдүн курултайынын катышуучуларына салап жолдоп, ийгилик каалады. Курултайдын ачылышында президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мамлекет башчысынын атынан сөз сүйлөп, бул иш-чара элди бириктириши керектигин айтты. Кененбаев мамлекетти көздүн карегиндей сактоо зарылдыгын, коомдогу бардык маселелер ачык талкууланышы керектигин айтып, курултайда айтылган сын-пикирлер, сунуштар мамлекет башчыга... Читать дальше...

Атамбаев менен Жээнбековдун ишин талдаган курултай "Манас" менен башталды

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы" атуу иш-чара "Манас" айтуу менен башталды. Ушу тапта сахнада манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас" эпосунан үзүндү айтууда. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген темада уюштурулган курултайга 19 партиядан 239 адам, 28 коомдук жана жарандык уюмдан 358, ардактуу коноктордон 90 адам жана 28 журналист чакырылганын жыйынды ачып жатып коомдук ишмер, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.  Курултайга бийликтен... Читать дальше...

Курултайга президенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү келди

Azattyk.org 

Ушу тапта Бишкекте башталып жаткан "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайына президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келип катышууда. Ал эми делегаттар арасынан саясатчылар Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Курманбек Осмонов, Канатбек Исаев жана башкаларды көрүүгө болот. Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы аттуу иш-чарада экс-президент Алмазбек Атамбаевдин... Читать дальше...

Өлкөдөгү саясий кырдаал талкууланып жатат

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы башталууда. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өттү. "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.

"Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайы башталууда

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы аттуу иш-чара башталууда. Темасы: "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең". Уюштуруучулар иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти. Курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтүндө жасаган иштери жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкен бир жылдыгына баа берилери айтылган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал талкууланат. Курултайды... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *