Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 26.11.2018

Бүгүн Бишкектин ондон ашык көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Azattyk.org 

Оңдоо иштерине байланыштуу 26-ноябрда борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө жарык убактылуу өчүрүлөөрүн "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди. Электр энергиясын берүү Дордой, Көк-Жар, Ак-Бата, Кара-Жыгач, Чоң-Арык, Ак-Ордо конуштарынын бир катар көчөлөрүндө жана Чыгыш автобекетинин айланасында үзгүлтүккө учурайт. Ошондой эле кичи райондордогу бир нече көп кабаттуу үйлөрдө жана Жамбыл, Тоголок Молдо көчөлөрүндө жарык жок болот. Аталган жерлерде электр энергиясы кечинде гана жанышы мүмкүн. Оңдоо иштери... Читать дальше...

Трамптын шайлоо штабынын кеңешчиси 14 күнгө камалат

Azattyk.org 

АКШнын федералдык судьясы президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулостун абактагы мөөнөтүн кечеңдетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты. Пападопулос айыпталуучу катары өтүп жаткан экинчи иш ага буга чейин чыккан өкүмдү артка кайтарат деп үмүттөнүп жаткан. Жорж Пападопулос эми 14 күндүк жаза мөөнөтүн өтөө үчүн дүйшөмбү күнү абакка келиши керек. 9-сентябрда сот Жорж Пападопулосту эки аптага камакка алуу чечимин чыгарган. Сот аны 2016-жылдагы шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү... Читать дальше...

"Вечерний Бишкектин” ээси Рябушкин январдын аягына чейин камакта калды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкиндин бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Рябушкин №1 тергөө абагына киргизилди. Ал 22-ноябрда кармалган. Милициянын маалыматына караганда, акционердин арызынын негизинде "Вечерний Бишкек" басма үйү текшерилип, жетекчилиги мыйзам бузганы аныкталды. 2016-жылы Бишкек шаардык соту "Вечерний Бишкек" басма үйүн, "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясын... Читать дальше...

Башкы штаб токко урунган жоокердин эки колуна тең протез койдуруп берет

Azattyk.org 

Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге протез коюп берүү маселеси толук чечилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев билдирди. Ал ошондой эле бул ишти өз алдынча да иликтөө жүргүзүлүп, тиешелүү командирлерге чара көрүлгөнүн айтты. Буга чейин Башкы штабдын маалымат катчылыгы жетекчилик жоокердин бир колунун протезин каржылоого макулдук бергенин айткан. Бир протездин наркы болжол менен 30 миң АКШ долларын түзүшү мүмкүндүгү кабарланган. Читать дальше...

Башкы штаб ток урган жоокердин эки колуна тең протез койдуруп берет

Azattyk.org 

Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге протез коюп берүү маселеси толук чечилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев билдирди. Ал ошондой эле бул ишти өз алдынча да иликтөө жүргүзүлүп, тиешелүү командирлерге чара көрүлгөнүн айтты. Буга чейин Башкы штабдын маалымат катчылыгы жетекчилик жоокердин бир колунун протезин каржылоого макулдук бергенин айткан. Бир протездин наркы болжол менен 30 миң долларга бааланышы мүмкүн экендиги кабарланган. Читать дальше...

Орус чек арачылары Украинанын аскердик кемелерин аткылашты

Azattyk.org 

Айрым маалымат булактары Орусиялык чек арачылар үч украин кемесин камакка алганын кабарлашты. Украинанын бийликтери бул аракетти Азов деңизи менен Керч кысыгындагы жагдайды андан ары курчуткан "агрессиялык акт" катары баалашты. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова "Чоң жолдогу бандиттер. Дал ошондой бандиттик ыкманы колдонуп жатышат: адегенде провокация, андан кийин күч менен басым көргөзүү, соңунда агрессиялык акт катары айыптоо" деп комментарийледи. Соңку маалыматтар боюнча... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *