Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 28.11.2018

Ирандын мунай сатуусуна чектөө алынбаса, анда өзөктүк келишимде калуусу пайдасыз

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын өзөктүк энергия боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехи Reuters агенттиги менен болгон маегинде Тегерандын мунай сатуусуна жана каржылык бүтүмдөрүнө чектөөлөр киргизилип турган чакта өзөктүк келишимде калуу аракети пайдасыз болуп саналарын билдирди.

Евробиримдик Ооганстанга 500 миллион доллар бөлүүгө убада берди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюму уюштурган донорлордун конференциясында Евробиримдик Ооганстанга жаңы жардам иретинде 474 миллион евро же 535 миллион доллар берилерин жарыялады. Ондогон өлкөлөрдүн дипломаттары катышып жаткан конференцияда ооган президенти Ашраф Гани да чыгып сүйлөдү.  Женевадагы жыйын Ооганстандын өкмөтү 2016-жылдагы донорлор конференциясынан кийин өлкөнүн билим берүү, саламаттык сактоо секторлоруна, инфраструктурасына, коррупцияга каршы күрөшкө берилген чет элдик жардамды кандай колдонгонун баалоо максатын да көздөйт. Читать дальше...

Эгизбаевдин өлүмү боюнча иш сотко ашты

Azattyk.org 

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул боюнча “Акун” пансионатына Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин алкагында кылмыш иши козголгон.

АКШ орус жана казак жарандарына көз боёмочулук боюнча айып койду

Azattyk.org 

АКШнын Юстиция министрлиги 27-ноябрда жарыялагандай, айыпталып жаткандар Интернетте жалган реклама жайгаштыруу менен компанияларга ондогон миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген. Көз боёмочулук схемаларынын бири 2015-жылы башталган. Анын алкагында Интернеттеги жарнамалар "миллиарддаган жолу көрүлдү" деп эсептелиш үчүн схемага катышкандардын экөө 1,7 миллион компьютерге зыяндуу программаларды таратышкан. Мындан компаниялар 29 миллион доллар чыгым тарткан. Америкалык прокурорлордун айтымында, ал рекламаларды иш жүзүндө эч ким көргөн эмес. Читать дальше...

Атантай Акбаров: "Түркөйлөр элди да, динди да бузду"

Azattyk.org 

"Паранжы негизи сойкулук кийими болгон. Теолог Кадыр Маликовду өлүмгө өкүм кылып жиберишип, ажалынын жогунан тирүү калган... 25 жылдан бери тургуну Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланбаган райондорубуз бар. Ал жердеги элдин көйгөйүн ким ойлойт?.."

Экоактивисттер Париж келишимине кол коюуну тездетиш үчүн петицияга кол топтоодо

Azattyk.org 

Кыргызстанда экологияны коргоо жаатында иш алып барган 19 уюм биригип, Париж келишимин ратификациялоо жараянын тездетүүнү көздөп, тиешелүү петицияга онлайн түрүндө кол топтоодо. Бул тууралуу "Азаттыкка" "MoveGreen" уюмунун өкүлү Мария Колесникова кабарлады. Экоактивист Кыргызстан Париж келишимин ратификациялоо менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болорун түшүндүрдү: - Биз өнүгүп келе жаткан мамлекет катары бул келишимге кол коюу менен кандайдыр каржылык жардамга үмүт кыла алабыз. Анткени негизи бул... Читать дальше...



Интернеттеги видео боюнча айдоочу кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Интернетте тараган видеодогу таксинин айдоочусу кармалды. Ал 1969-жылы туулган Б.Ч. аттуу жаран экенин аныкталып, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.  Шейшемби күнү кечинде социалдык тармактарда “Хонда Фит” автоунаасында кыз кыйкырып, ыйлап атканы тартылган видео тараган. Ал видеодо алгач машиненин ичинен кыздын кыйкырып жаткан үнү угулуп, видеого тартып жаткан жарандар машинага келип эшигин ачкан учурда хижап кийген кыз качып түшөт. Читать дальше...

Кытай "супер адам" жасадыбы?

Azattyk.org 

Бир күн мурда кытайлык окумуштуу адам эмбриондорунун гендерин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган. Илимпоздун мындай билдирүүсү генетиктер арасында чуу жаратты. Көптөгөн окумуштуулар мындай ачылыштын этикалык тарабы эске алынбаганын айтып, сынга алышты.

Туристтик милицияда 62 штат болот

Azattyk.org 

Парламент жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов туристтик милицияга кызматка алуу боюнча жакында сынак жарыялана турганын маалымдады. Асановдун айтымында, бул кызматка азырынча Бишкек шаары боюнча 62 орун берилди. - Билими, чет тилдерди билүү деңгээли боюнча жакында сынак жарыяланат. Жазга чейин туристтик милиция түзүлөт, - деди Асанов.  Кыргызстанда туристтик милиция түзүлөөрү август айында белгилүү болгон. Милициянын айтымында, туристтик милициянын кызматкерлери өлкөнүн... Читать дальше...

Жанарбек Акаев: туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат

Azattyk.org 

Парламент депутаты Жанарбек Акаев Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, аэропортто, чек арада өз ишин мыкты билген адистерди кызматка коюууга чакырды. Депутаттын айтымында, туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат.  - Бул жерде чек ара, бажы кызматтарынын жетекчилери, өкмөт өкүлдөрү отурасыздар. Силерге кайрылаарым - чек арада, аэропортко англисче суудай сүйлөгөн адистерди койсоңор. Анан бир аз сылык мамиле кылыш керек. Туристти көргөндө эле 5-10 долларды көргөндөй болбошу керек. Читать дальше...

Прокуратура: "Белизгейт" ишинен "жашыруун" грифти алып салуу сунушталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоого негиз катары келтирилген "Белизгейт" иши бир жаңсыл чечиле элек. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдиргендей, ал жашыруун иликтенчү иштердин катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалыматтар жетишсиз.  - Кечээ (27-ноябрда) өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жуманын ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан "жашыруун" деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну сурашыптыр.

Каруу-күчкө толо элек кадр резерви

Azattyk.org 

Мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн түзүлгөн улуттук кадр резервине 715 киши сынакка катышып, 34ү өттү. Анын ичинен үч гана киши жумуш менен камсыз болгон.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот 29-ноябрда уланат

Azattyk.org 

Бурулай Турдаалы кызынын иши боюнча айыпталуучу Марс Бөдөшевди дарылаган дарыгер сотко келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Жуматай Абдрахманов билдирди. Ал экспертиза кылган адистерди сотко кошумча күбө катары чакырууну өтүндү. Мындай чечимди ал Марс Бөдөшев өзүн өзү сайган-сайбаганын аныкташ үчүн кабыл алган. Ошондой эле кошумча күбө катары ал сот отурумунда аты аталган Бурулайдын жеңеси Каныкейди чакырууну өтүнгөн, бирок Бурулай Турдаалы кызынын туугандарынын жактоочусу Есения Рамазанова... Читать дальше...

Бөдөшев: 27-майда Бурулайды өзүм ала качкам (видео)

Azattyk.org 

Бурулай Турдаалы кызынын иши боюнча айыпталып, сурак берип жаткан Марс Бөдөшев 27-майда БМВ үлгүсүндөгү сол рулдуу унаага Бурулайды колунан жетелеп келип отургузганын, анда кыз кыйкырып жибергенин билдирди: - Мен 27-майда Бурулайды колунан жетелеп келип, унаага салып, өзүм рулга отуруп, айдап кеттим. Анын бут кийими кайдан түшүп калганын билбейм. Ал кыйкырганда караңгы болчу. Бурулай мени тааныганын же тааныбаганын билбейм. РОВДга алып келгенде эшик ачык турган. Мен Бурулай отурган бөлмөгө кирген эмесмин... Читать дальше...

Парламентте айрым өлкөлөргө карата визасыз режим мыйзамы талкууланууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда алты жыл мурда 45 өнүккөн өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз каттам тартибинин мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзамдын мөөнөтү 2020-жылы аяктайт. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, визасыз каттам тартибин киргизүү туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошууда.  2012-жылы АКШ, Германия, Франция, Жапония сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Бул мамлекеттердин... Читать дальше...

Абактагы аялдардын арманы

Azattyk.org 

Соңку жылдары аялдар аралашкан оор кылмыштардын саны көбөйүүдө. Учурда аялдар абагында 350дөй аял отурса, алардын басымдуу бөлүгү "киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Ушул тапта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар арасында балалуу тогуз эне бар. Балдардын улуусу 3 жашка чукулдаса, кенжеси 3 айлык. Аялдардын көбү мунапыска илинебиз деп үмүт артууда.

Марс Бөдөшев: Бурулай менен отурганым эсимде, калганын билбейм (видео)

Azattyk.org 

Бурулайдын иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшев сурак берүүдө. Ал сурак учурунда Бурулай Турдаалы кызы менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып, ошол күндү мындайча эскерди: - Бизди Сосновкадагы посттон РОВДга алып келди. Башында баарыбызды бир бөлмөгө киргизишти. Анан кайра экөөбүздү сыртка чыгарды. Мен Бурулайга кирип, сүйлөшүп чыгайын деп сурансам эч ким уруксат берген жок. Эшик ачык туруптур, кирдим. Ошол убакта бирөө сөгүнүп өтүп кеткен. Читать дальше...

Төрөбаев: Атамбаев кайрадан коркута баштады

Azattyk.org 

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мурдагы жана азыркы президенттин айланасындагы сөздөр боюнча комментарий берди. Төрөбаевдин "Фейсбуктагы" расмий баракчасына чыккан билдирүүдө:  "Алмазбек Атамбаев алты жыл бою элибизди "Акаев, Бакиев" деп коркуткан ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир этчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых. Алар кайтып келишпегени анык” деп жазылат. Ошондой эле Төрөбаев азыркы президент жалган маалыматтарга... Читать дальше...

Жалал-Абадды жадаткан "жапайы жатактар"

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын тургундары батирлерди мейманкана катары колдонуу, суткалап ижарага берүү мыйзамсыз иштер менен коштолуп жатканына даттанып чыгышты.

Бишкекте жугуштуу оорулар менен кайрылгандар көбөйдү

Azattyk.org 

Бишкек шаардык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына кайрылгандар көбөйдү. Мисалы, 2006-жылы кайрылган бейтаптар 20-22 миңдей болсо, былтыр клиникалык ооруканага дээрлик 84 миңге жакын адам кайрылган. Мурдагы жылы он миңдей адам, былтыр 33 миң адам жаткан. Бул тууралуу "Азаттыкка" оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев кабарлады.  Кечээ Интернетке чыккан видеодо бир нече саат кезекте турган бейтаптар дарыгерлердин жетишсиздигине нааразы экени көрсөтүлгөн. Гүлжигит Алиевдин айтымында, ооруканада... Читать дальше...

Аблязов адам өлүмү боюнча сыртынан соттолду

Azattyk.org 

Бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязов сыртынан өмүр бою абакка кесилди. Жамбыл облусунун район аралык соту аны 14 жыл мурда "киши өлтүрүүнү уюштурган" деп тапты. Учурда чет өлкөдө жүргөн саясатчы бул айыпты өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып келет.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *