“Акнет” компаниясы жашырган 150 млн. сомдук салык өндүрүлдү
“Акнет” жоопкерчилиги чектелген коомуна карата козголгон кылмыш ишинин алкагында интернет-провайдер жашырган 150 миллион сом салык өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады. Каражаттар коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке которулду. “Акнетке” карата кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь айында козголгон. Кийин Финполиция компаниядан өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качуу боюнча документтер табылганын жарыялаган. Читать дальше...