Казакстанда төрт адам газга ууланып каза тапты
Павлодар облусунун өзгөчө кырдаалдар кызматынын кабарлашынча, Баянаул районунун Узун-Булак айылындагы жеке үйдөн 6-февраль күнү кечки саат тогуз жарымда төрт адамдын сөөгү табылган. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Кырсыктан жубайлар жана алардын 14 жаштагы кызы, 11 жаштагы уулу каза тапкан. Алдын ала иликтөөлөрдө алар газга ууланып каза тапканы аныкталган. Бир нече адам көз жумган окуя боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады. Баянаул районунун ички саясат башкармалыгынын башчысы Нурсултан Шайхиндин айтымында... Читать дальше...