Мишел Бачелет Шинжаңдагы кырдаалды барып көрүүгө аракеттенет
Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет Кытайдын Шинжаң аймагында кармалгандар жана дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтарды текшерүү боюнча Бээжинге баруунун жолдорун караштырып жатканын айтты. Бир миллиондой мусулман, негизинен уйгурлар Бээжин «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган, ал эми активисттер кадимки эле кармоочу жай деп мүнөздөгөн борборлордо кармалып жатканы тууралуу маалымат бар. 6-мартта БУУнун баш кеңсесинде Бачелет адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жасап жатып... Читать дальше...