Садыр Жапаров апасынын зыйнатына катышуу үчүн айылына барды
Абакта отурган экс-депутат Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу үчүн туулган кыштагына - Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына барды. Бул тууралуу жеринен "Азаттыктын" кабарчысы 9-мартта билдирди. Жапаровдун апасы 7-мартта кайтыш болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова мындай учурда камактагы адамды үйүнө барып келүүгө мыйзам жол бере турганын билдирген. Бул үчүн абактын жетекчилигинин уруксаты керек. Топурак салууга саясатчылар Камчыбек Ташиев... Читать дальше...