Мушкер Үсөналиев Финляндиядагы мелдеште жеңүүчү болду
Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев Финляндиядагы мелдеште алтын медалга ээ болду. Хельсинки шаарында өткөн мелдеште Үсөналиев финалда казакстандык Азат Махметов менен беттешти. Жыйынтыкта кыргызстандык боксчу упайлардын айырмасы менен жеңүүчү аталды. 28 жаштагы мушкер Азат Үсөналиев 52 килограммга чейин салмакта рингге чыгат. Ал өлкөдөгү бокс боюнча Азиянын жалгыз чемпиону. Үсөналиев буга чейин бир нече эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. (BkA)