Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 20.03.2019

Сот «Супер-Инфонун» арызын канааттандырды

Azattyk.org 

19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Супер-Инфо» гезитинин жактоочуларынын арызын канааттандырып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) аталган гезитти салыктык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу эки токтомун жокко чыгарды.

ЖЭБ боюнча айыпталуучулардын адвокаттары Жогорку сотко кайрылды

Azattyk.org 

Бишкек ЖЭБ боюнча айыпталган мурдагы жетекчилердин адвокаттары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылды. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Кайрылууда Бишкектин Свердлов райондук сотунда башталып жаткан сот процессине ачык-айкындыкты камсыз кылууну жана журналисттерге шарт түзүп берүүнү суранган. “Соттун жабык өтүшү ар түрдүү маалыматтарды бурмалоого жана түкшүмөл пикирлерге жол ачат”, – деп айтылат адвокаттардын кайрылуусунда. ... Читать дальше...

Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты көбөйдү

Azattyk.org 

2019-жылы жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты 1219,4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,6 миң гектарга көбүрөөк болду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, быйыл негизинен арпа, жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр, пахта жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө басым жасалууда. Бул жылы жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда 15-20 күнгө эрте башталды. Республика боюнча 156,2 миң гектар жер айдалды. Читать дальше...

"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби кулады

Azattyk.org 

АКШ колдогон сириялык оппозициялык күчтөр Сириянын чыгышындагы Багхуз шаарын ээлешти. Багхуз "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби деп саналчу. Жүздөгөн согушкерлер багынып беришкени кабарланды. Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз катчысы Мустафа Бали “Багхуздагы лагерди ээлөө – чоң кадам болгону менен, жеңиш тууралуу айтууга али эрте” деп билдирди. ИМ тобунун көзөмөлү алдында Евфрат суусунун жээгиндеги чакан аянт калды. Мындан тышкары террорчулардан бошотулган аймактарда да жашырынган... Читать дальше...

АКШ Ирандан ракеталык программасын токтотууну талап кылды

Azattyk.org 

Ирандын ракета программасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга терс таасирин тийгизет жана аймакта курал атаандаштыгына шарт түзөт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча жардамчысы Йелли Поблете билдирди. Ал “Иран тез арада баллистикалык ракеталарга байланышкан ишмердигин токтотууга, мындай ракеталарды террордук топторго жана башка жактарга сатууну токтотууга тийиш” деп кошумчалады. Поблете Иран Йемендеги хути козголоңчуларын жана Ливандагы "Хезболланын" согушкерлерин колдогонун айтты. Читать дальше...

Төрөбаев экс-президент Атамбаевдин күзөтүн күчөтүүнү сунуштады (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 20-марттагы жалпы жыйынында парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күзөтүн күчөтүү керек экенин айтты. Ал Атамбаевдин 17-марттагы билдирүүсүнөн кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абал чыңалып кетиши мүмкүн экенин билдирди. «Алмазбек Атамбаев «мени өлтүрүп кетсе да катамды оңдойм» деп айтты. Ошону кандай түшүнсө болот? Мен ИИМдин, УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылам, экс-президенттин күзөтүн күчөткүлө. Читать дальше...

Дастан Жумабеков Атамбаевдин сынына жооп кайтарды (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сынына жооп кайтарды. Жумабеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйнынында сөз сүйлөп, Атамбаевдин башкаруусундагы жылдарда коррупциялык механизмдер өнүгүп, бийликти узурпациялоо аракети болгонун билдирди. Дастанбек Жумабеков Атамбаев өлкөнү башкарып турган жылдары парламентке кысым сезилип турганын жана өзүнүн кемчиликтерин парламентке оодаруу аракети болгонун белгиледи. “Кыргыз элин карызга батырган бул - парламент эмес. Читать дальше...

Өкмөт башчы Оштогу жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат

Azattyk.org 

20-21-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындан тышкары өзгөчө кырдаалдардын - табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча да тиешелүү жетекчилер жана жергиликтүү бийлик ээлери менен селектордук жыйын өткөрөт. Жыйында бардык аймактардагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана ага даярдыктар тууралуу маалымат алат. Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы Ош шаары түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыяланышынын алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга даярдыктардын жүрүшү менен таанышат. Читать дальше...



Төрөбаев: Жогорку соттун төрайымы депутаттардын оозун жапканга аракет кылууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку соттун төрайымы парламенттин депутатына каршы Улуттук коопсуздук комитетке (УКМК) кайрылышын сындап, парламентти ага баа берүүгө чакырды.  «Жогорку соттун төрайымы депутаттардын оозун жапканга аракет жасап атат. Биздин кесиптеш эл менен жолугушууда соттун чечими жөнүндө өз пикирин айтса «аны туура эмес» деп, УКМКга кайрылды. Эгерде ошол соттор мыйзамсыз соттолгон Өмүрбек Текебаевди актап берсе анда биз унчукпайт элек. Читать дальше...

ЖЭБдеги коррупция: адвокаттардын өтүнүчү четке кагылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын адвокаттарынын өтүнүчүн четке какты. Адвокаттар «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекет 111 миллион доллар зыян тарткан» деген экспертизанын корутундусу боюнча 6-мартта Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Буга чейин Свердлов райондук соту алардын аталган корутундуну далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди. Читать дальше...

Назарбаев кетти. Эмне өзгөрөт?

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Коңшу Казакстан үчүн гана эмес, Борбор Азия үчүн да маанилүү бул жаңылык бир эсе күтүүсүз болсо, бир эсе "Кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?" деген суроо жаратты. Назарбаевдин президенттиктен кетиши менен эмне өзгөрөт жана Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга эмне таасирин тийгизет? Бул суроолорду "Азаттык" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкууланды. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, дипломат Бактыгүл Каламбекова... Читать дальше...

Рингде эч утулбаган боксчу Акжол Сулайманбек уулу чемпиондук наамын коргойт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Сулайманбек уулу үч жыл ичинде 13 беттеш өткөрүп, бир да жеңилүү ызасын тарткан эмес. Дүйнөлүк рейтингде 58-орунду камсыздап, эң мыкты 15 мушкердин сегизинчиси боло алган.

Крымдын мурунку президенти камакка алынды

Azattyk.org 

Симферопол райондук соту Крым республикасынын мурдагы президенти Юрий Мешковду полициянын талаптарына баш ийбегени үчүн эки күнгө камады. Юрий Мешков 19-мартта Крымдын аннексияланганынын беш жылдыгын белгилөө үчүн Симферополдогу Ленин аянтына келгенде кармалган. Аянтта Орусия президенти Владимир Путин сүйлөмөк. Экс-президенттин сотто айтканы боюнча, полиция кызматкерлери андан паспортун көрсөтүүсүн талап кылышкан. Мешков талапты аткарбай койгондо анын соо экендигин текшерүү үчүн райондук милиция бөлүмүнө алып келишкен. Читать дальше...

Кургак учук жуктурган кыргызстандыктар ЕАЭБ аймагында акысыз дарыланышат

Azattyk.org 

Мындай келишимге Кыргызстан июнь айында кол койгону турат. Бул тууралуу Ош облустук кургак учукка каршы күрөш борборунун башчысы Кылычбек Истамов билдирди. Анын айтымында, 2019-жылдын июнь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер кургак учукка кабалган адамдарды өз ара акысыз дарылоо боюнча келишимге кол коюуга даярданып жатышат. Кургак учук менен бирге күрөшүү ишти кыйла жеңилдетет. Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар. (YI)

Бишкектеги абанын тазалыгы текшерилет

Azattyk.org 

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү, жаңы конуштардагы абанын тазалыгын текшерет. Бул иш-чара борбор калаадагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу иштеринин алкагында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган агенттиктин басма сөз кызматынан маалымдашты. Март айынын башында «Move Green»​ экологиялык кыймылы Бишкек шаарындагы абанын абалын текшерип туруу үчүн жети билдиргич (датчик) орнотуп, жаз келсе деле айрым райондордо абал кооптуу экенин билдирген. Читать дальше...

ЭВФ: Улуттук банк коммерциялык банкка ээлик кылууга укугу жок

Azattyk.org 

Кыргызстан Улуттук банкынын "Росинбанктагы" үлүшү 85% ашат. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин башчысынын орун басары Кристиан Жос 19-мартта журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, учурда Улуттук банк тескөөчү гана эмес, коммерциялык банктын ээси да болуп жатат. "Улуттук банк коммерциялык банкка ээлик кылып туруп, системаны сактоочу боло албайт", -деди Жос. Эл аралык валюта фондунун өкүлү банктын баасы аныкталгандан кийин, Улуттук банктын үлүшү... Читать дальше...

Бозгун алиппеси: Өзүңдү сыйласаң, өзгөнү урматта

Azattyk.org 

Кандайдыр бир себептер (окуу, жумуш, илимий саякат, туристтик сапар, ж.б.) менен улам-улам чет өлкөлөрдө байырлап келген кыргыздардын биринин көөдөндөгү дилден чыккан ойлору камтылган күндөлүктүк саптар.

Жогорку Кеңеш 20-мартта чек ара маселесин карайт

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган тиешелүү жетекчилер депутаттарга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасынын абалы тууралуу маалымат беришет. Өткөн аптада жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасына барып келген депутаттардын бири - "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Таабалды Тиллаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, өкмөт мүчөлөрү чек ара кызматкерлери менен чогуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын чечилиши, анда жетишилген келишимдер тууралуу да маалымат беришет: - Негизинен акыркы кырдаал боюнча маалыматын угабыз. Читать дальше...

Утрехттеги аткылоого шектелип дагы бир киши кармалды

Azattyk.org 

"Ассошэйтед Пресс" агенттигинин жазганы боюнча, 40 жаштагы киши аткылоого шектүү катары кармалган. Мурдараак шаар мэри бул окуяга шектүү бир нече киши кармалганын билдирген, кийинчерээк көпчүлүгү бошотулган. Полиция ок чыгарган деп айыптаган 37 жаштагы түркиялык Гөкмен Таныш 19-мартта кармалган. Азырынча трамвайдагы аткылоонун так себептери белгисиз. 18-мартта шаардын борборундагы трамвайда ок атылып, андан үч киши каза таап, беш адам жараат алган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *