Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 29.03.2019

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жалпы 6 млрд. доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду

Ca-irnews.com (kg) 

«Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жалпы 6 млрд. доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  28-мартта, 8чи кыргыз-россиялык региондор аралык конференцияда.

Баткен согушунун ардагерлери Жеңиш Разаковду каралоого каршы

Azattyk.org 

Баткен согушунун ардагерлери вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду «Тажикстандын тыңчысы» деп каралоону токтотууну талап кылышууда. Бул тууралуу «Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин» төрагасы Канат Бакалов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Жеңиш Разаковду ардагерлер тескерисинче мекенине берилген адам катары таанышат. - Биз Жеңиш Разаковду Баткен согушунан бери билебиз. Ал тескерисинче Баткендин чек арасын, бардык жерин коен жатагына чейин тааныйт, кыйынчылыктарды билет. Аларды чечүүнүн үстүндө дайыма аракеттенип жүрөт. Читать дальше...

Ошто сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактарга көчөт отургузулду

Azattyk.org 

Ош шаарында сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактарга жер кыртышын кармоочу бактар отургузулду. Бактар шаарга караштуу Жапалак айыл аймагындагы Озгур айылынын жаан-чачын учурда сел жууп, жер кыртышын бузуп кетчү 0,7 гектар адырларына тигилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен бирге ал жерге түрдүү 500 түп бадам, өрүк жана башка жер кыртышын кармоочу бактардын көчөтүн тигишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыма боюнча Кыргызстанда 4 732 үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт. Читать дальше...

Кыргызстанда Бээжин декларациясынын аткарылышы талкууланат

Azattyk.org 

29-мартта Бишкекте гендерлик маселе, анын ичинде саясатта, коомдо, үй-бүлөдө аялдарга карата мамиленин абалы тууралуу талкуу болот. Иш-чараны «Бириккен Улуттар Уюму - Аялдар» түзүмү Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен чогуу уюштурууда. Тегерек үстөлгө мындан тышкары парламенттин депутаттары, эл аралык жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» «БУУ - Аялдар түзүмү» программасынын коомчулук менен байланыш боюнча адиси Мериза Эмилбекова билдирди. 1995-жылы... Читать дальше...

Арзан билет саткан WOW AIR компаниясы банкрот болду

Azattyk.org 

Арзан билет саткан WOW AIR компаниясы банкрот болгонуна байланыштуу бардык каттамдарын токтотту.  Бейшембиде бул компания аркылуу учууга камынган миңден ашуун адам Атлантиканын эки өйүзүнө тең уча албай калышты. Бюджеттик, арзан билеттери менен таанымал болгон Исландиянын бул аба компаниясын сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөр бейшембинин таңына чейин жүргөн. Бирок инвесторлор компанияны каржылоодон баш тарткан соң, каттамдар токтотулган. Wowair компаниясынын Европанын жана Түндүк Американын аэропортторунда... Читать дальше...

Москвада активисттер "Жахабанын күбөлөрү" кыйноого кабылганын кабарлашты

Azattyk.org 

“Адам укугу үчүн” тобунун активисти Лев Пономарев "Жахаба күбөлөрүнүн" жети мүчөсү кыйноого кабылганын билдирип чыккандан кийин, федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бастрыкин кызматтан алынууга тийиш деп эсептейт. Укук коргоочу бул тууралуу 28-мартта Москвада өткөн жыйында билдирди. Ал эми адвокат Егиазар Черников Сургут шаарында "Жахаба күбөлөрүнүн" мүчөлөрү тергөө комитетинде кыйноого кабылганын экспертиза тастыктады деп билдирди. Анын айтуусунда, кыйноо учурунда электрошокер колдонулганы аныкталган. Читать дальше...

Сомалидеги жардырууда кеминде 15 киши курман болду

Azattyk.org 

Жардыруучу зат Баш калаа Могадишонун отелдер жана ресторандар жыш жайгашкан көчөлөрүнүн биринде токтоп турган автоунаага коюлган. Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир топ мойнуна ала элек. Күбөлөрдүн бири набыт болгондордун саны 20га чукул экенин айтат: "Эне катары айтсам, мындай окуялар жүрөгүмдүн үшүн алчу болду. Жардыруулардын артында тургандарды токтотууга чакырам. Биз күн сайын өлүмдү көрө берип чарчадык, биздин сүйлөөгө дарманыбыз калбады", - деди ал. Буга чейин бул район бир... Читать дальше...

Путинге каршы чыккан жубайлар үй камагына алынды

Azattyk.org 

29-март түнү Биринчи май райондук сотунда орус президенти Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаеванын бөгөт чарасы жабык каралды. Сот аларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үйүнө коё берди. Милиция 27-мартта Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайлар Карымшаковдордун үйүн тинтүү учурунда көп суммада акча жана курал-жарак табылганын кабарлаган.  Активист Карымшаковдун сотуна башынан байкоо салып жаткан... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *