Би-би-си: Шинжаңда балдар ата-энелеринен атайылап ажыратылууда
"Кытай бийлиги Шинжаң аймагында атайлап мусулман үй-бүлөлөрдө ата-энелер менен балдарын ажыратуу аракетин көрүп жатат", - деп Би-би-си 5-июлда чыгарган кеңири макаласында жазды. Журналисттер ондогон үй-бүлөлөр менен сүйлөшүп, бир катар документтер менен таанышкандан кийин ушундай бүтүмгө келишкен. Алардын айтымында, бир гана чакан шаарда 400 баланын ата-энеси лагерлерде камалып жаткандыктан интернаттарга жайгаштырылган. Ошол эле маалда мектеп-интернаттардын курулушу кеңири жүрүп жатканы аныкталган. Читать дальше...