Германия турак жай программасын колдош үчүн 10 миллион евро бөлүп берет
Германия Кыргызстанга турак-жай программасын колдоо максатында 10,5 миллион евро бөлүп берет. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат Мамлекеттик ипотека компаниясына которулуп, «Жеткиликтүү турак жай» программасын колдоого жумшалат. Кыргыз өкмөтү «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик ипотека компаниясын түзгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берип жатат. Читать дальше...