Бишкекте суунун тарифи жогорулашы мүмкүн
Бишкекте сууга жана сууну бөлүштүрүүгө (канализация) тариф жогорулашы мүмкүн. Шаардык кеңеш буга байланыштуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. 4-июлда чыккан долбоордо таза суунун бир куб метрин жеке адамдар үчүн 5,38 сомдон 8,1 сомго кымбаттатуу каралган. Бюджеттик уюмдар үчүн 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Мындан сырткары Шаардык кеңештин депутаттары каналазацияга болгон тарифти 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Читать дальше...