Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 26.07.2019

Дизайнер Тарасенко УКМКга чакырылды

Azattyk.org 

Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары суракка чакыруу алганын билдирди. Ал "Фейсбук" баракчасына жазган тамашасы үчүн чакырылып жатышы мүмкүн экенин божомолдоду. “Тамашам боюнча болуш керек деп божомолдоп жатам. Олуттуу деле эч нерсе жок деп ойлойм. Мен табышмактуу бул мекемеде биринчи жолу болуп жаткан жокмун”, – деди Тарасенко. УКМК 24.kg агенттигине Никита Тарасенко диний аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча күбө катары суракка чакырылып жатканын билдирген. Читать дальше...

Орусиядагы активисттин өлүмүнө шектүү Кыргызстанда туулганы кабарланды

Azattyk.org 

25-июлда орусиялык Мeduza сайтты Санкт-Петербург шаарында активист Елена Григорьеванын өлүмүнө шектүү кармалганын жазды.   Мeduza полициянын маалыматына таянып, кылмышка шектүү 1981-жылы Кыргызстанда туулганын жазып жатат. Бирок, азырынча аты-жөнү айтылган жок. Тергөө комитети активист шектүү менен мурда тааныш экенин жана турмуштук пикир келишпестиктен чатак чыгып кеткенин маалымдады. 20-июлда активист Елена Григорьеванын сөөгү үйүнөн анча алыс эмес жерде табылган. Активисттер Ички иштер министрлигинен... Читать дальше...

Трамп Зеленский менен телефондон сүйлөштү

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский алгачкы жолу сүйлөшүштү. Бул тууралуу Ак үйдөн кабарлашты. Трамп Зеленскийге телефон чалып, парламенттик шайлоонун жана “Эл кызматчысы” партиясынын жеңиши менен куттуктады. Зеленский АКШнын Орусияга карата санкциялык басымдын сакталып жана күчөтүлүп жатканы үчүн Трампка ыраазычылык билдирди. Украинанын президенттинин басма сөз кызматы АКШ лидери Украинанын жаңы бийлиги өлкөнүн имиджин көтөрүп, башталган коррупциялык иштердин аягына чыгарына ишенерин маалымдады. Читать дальше...

Орозова: Чек ара окуясы боюнча спикерге кат жаздык

Azattyk.org 

Парламент депутаты Карамат Орозова Баткендеги чек ара маселеси боюнча Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу керектигин айтып, спикерге кат жолдогонун билдирди. Орозова чек ара маселесин парламент тез арада карап чыгышы керектигин белгилейт. Анын демилгесин бир нече кесиптеши колдогон.  22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Читать дальше...

Ишкер Каримовдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

Орусиялык "Комсомольская правда" басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Екатеринбургда кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шек саналып жаткандардын бири кармалганын маалымдады. Маалыматка ылайык, шектүүнүн аты Зарылбек жана ал Кыргызстанда туулуп-өскөн. Күч органдары аны Челябинск облусунун Коркино шаарында кармап, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө бергени айтылды. Ал ошол күнү автоунаанын айдоочусу болгон. Шектүү буга чейин карактоо беренеси менен соттолуп, өткөн жылы октябрь айында эркиндикке чыккан. Читать дальше...

ЖЭБ иши: азыркы жана мурдагы аткаминерлер күбө катары суралды

Azattyk.org 

25-июль күнү Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу соттук териштирүү улантылды. Анда парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков, экономика министри Санжар Муканбетов, Улуттук банктын төрагасы Толкун Абдыгулов жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев күбө катары көрсөтмө беришти. Бул тууралуу айыпталып жаткан аткаминерлердин биринин жактоочусу Замир Жоошев маалымдады. Адвокат күбөлөр айыпталып... Читать дальше...

Президент жети сотту дайындады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьяларды дайындаган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президентин сайты жазды. Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку сотко бир, Жалал-Абад облустук сотуна — бир, Ош облустук сотуна — үч, Нарын  облустук сотуна — эки, Талас облустук сотуна — беш жана Бишкек шаардык сотуна — эки талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизген. Президент 19-июлда талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешип... Читать дальше...

Ооганстандагы кол салуулардан элүүдөн ашык киши өлдү

Azattyk.org 

Ооганстанда элүүдөн ашуун адамдын өмүрүн кыйган кол салууларга “Талибан” кыймылы жана "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алды. Бейшемби күнү Кабул шаарында үч башка жерде болгон кол салууларда ондогон адам жарадар болду. Теракттар АКШ Ооганстанда тынчтык орнотуу максатында талибдер менен келишим түзүү аракетин көрүп жаткан маалда болду. Жыл башынан бери борбор калаада ушуну менен 13чү теракт катталды. Кол салууларда 70тен ашык киши өлүп, 500дөн көбү жараланды. Ооганстанда быйыл 28-сентябрда президенттик шайлоо өтөт. Читать дальше...

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына барат. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кыска мөөнөттүк жумушчу сапардагы сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкуулана турганын билдирген. Сыдыков эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Атада уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы чыгарыларын белгиледи. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *