Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 22.09.2019

Өзбекстан 1917-жылга чейинки жашыруун документтерди жарыялайт

Azattyk.org 

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 1917-жылга чейинки жашыруун документтерди ачыкка чыгарат. Бул тууралуу жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду. «2020-жылдын 1-июнуна чейин Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен бирге 1917-жылга чейинки тарыхый мезгилдеги архивдик документтерди, тиешелүү эрежелерге ылайык, ачыкка чыгаруу иштери жүргүзүлсүн» деп айтылат жарлыкта. Ошондой эле Шавкат Мирзиёев өкмөткө үч айлык мөөнөттүн ичинде «Архивдик иштер» бирдиктүү маалыматтык... Читать дальше...

АКШ Бээжиндин талабы менен уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө үндөдү

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнө өлкөлөрүн Бээжиндин талабы менен уйгурларды Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырды. Анын 22-сентябрда билдиргенине караганда, Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандарды кармап-камоолор терроризм менен эч кандай байланышы жок, бул болгону аз элдердин маданиятын жана динин тыптыйпыл жок кылуу аракети. Бул тууралуу Майк Помпео Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун ассамблеясынын алкагында Борбор Азиянын беш мамлекети - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан... Читать дальше...

Трамп: Украин президенти менен «эң сонун сүйлөшүү» болгон

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Украинанын президенти менен июль айында сүйлөшкөн учурунда, ага басым көрсөткөн эч кандай орунсуз сөз айтпаганын билдирди. Буга чейин ал Владимир Зеленский менен сүйлөшкөндө мурдагы вице-президент Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү талап кылганы кабарланып кеткен. Трамптын айтымында, 25-июлда украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүүсү эң сонун болгон жана анын, айрымдар талап кылып жаткандай, жеке адвокаты Рудольф... Читать дальше...

Ооганстанда талибдер чоң жоготууга учурады

Azattyk.org 

Ооган бийликтеринин айтымында, коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү бир катар провинцияларда жүргүзгөн операция учурунда «Талибан» кыймылынын согушкерлери ири жоготууларга учурады. Кабулдун батышындагы Парван провинциясында болгон салгылашта талибдердин командири жана дагы алты жоочу өлтүрүлгөн. Бул тууралуу 22-сентябрда провинциянын полиция башчысы Мухаммед Махфуз Вализада билдирди. Кармаш 21-сентябрдын кечинде богон. Ал эми Газни провинциясынын Мукур, Рашидан жана Вагхаз райондорунда түндө болгон кармашта «Талибандын» 16 согушкери жок кылынып... Читать дальше...

Энесин жонуна көтөргөн жигит. Көчмөндөр оюндарынан 15 сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Таласта алгачкы ирет өткөрүлгөн Улуттук көчмөндөр оюндары (УКО) 21-сентябрда жыйынтыкталды. Ага өлкөнүн жети облусу, Бишкек жана Ош шаарлары катышып, спорт, маданият жаатында ат салышты.

Саудия заводдоруна коюлган чабуул боюнча Иранга эскертүү берди

Azattyk.org 

Саудиянын мунай заводдорун бутага алган "ракеталар менен дрондор" Ирандан учурулганы аныкталса, анда бул аракет "согуштук акт" деп саналат. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр CNN телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Биз Сауд Арабиясына атылган ракеталар менен дрондор үчүн Иран жоопкерчиликтүү деп эсептейбиз. Аларды Иран жасап чыккан жана ирандыктар жеткирип берген. Бирок эгер чабуул силердин өлкөңөрдөн уюштурулган болсо, анда окуя башка категорияга кирип калат. Читать дальше...

Египет: президентке каршы акцияларда ондогон адамдар кармалды

Azattyk.org 

Египеттин бир катар шаарларында президент Абдел-Фаттах ас-Сисинин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акцияларында ондогон адамдар кармалды. Алардын арасында кеминде эки журналист бар экенин Египеттеги Экономика жана социалдык укуктар борбору 21-сентябрда билдирди. Баш калаа Каирде кеминде 74 демонстрант кармалганын коопсуздук кызматындагы булактар "Франц-пресс" жаңылыктар агенттигине кабарлады. Жума күнү кечинде башталган митингдер ишемби күнү Каирден тышкары Суэц жана Гиза шаарларында да уланды. Читать дальше...

Кеминде өспүрүм кызды өлтүрүүгө шек саналып 20 жаштагы бала кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Кемин районунда 14 жаштагы өспүрүм кызды өлтүрүүгө шек саналып 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Облустук милиция тараткан маалыматка караганда, кыздын жакындары ал 20-сентябрда үйүнөн чыгып кеткенден бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып 22-сентябрда милицияга кайрылышкан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында анын сөөгү Кемин шаарында кароосуз калган үйдөн табылган. Читать дальше...



Иран чөлкөмдөгү коопсуздук боюнча планын БУУга сунуштайт

Azattyk.org 

Иран Перс булуңундагы коопсуздукту "чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдүн жардамы менен" камсыз кылууну көздөгөн планын жакын арада Бириккен Улуттар Уюмуна сунуштайт. Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани 22-сентябрда Тегерандагы аскердик парадда билдирди. Бул парад туура 39 жыл мурда башталып, 8 жылга созулган Иран-Ирак согушун (1980-88-жылдар) эскерүүгө арналган бир жумалык иш-чаралардын бир бөлүгү. Жүздөгөн аскерлердин алдында сөз сүйлөгөн Роухани чет өлкөлүк күчтөр Перс булуңундагы коопсуздукка шек келтирип жатканын айтып... Читать дальше...

Пакистандагы автобус кырсыгы 26 кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Пакистандын түндүк-батышындагы тоолуу Гилгит-Балтистан аймагында жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурап, андан кеминде 26 кишинин өмүрү кыйылды. Ондон ашык адам жараат алганын аймактагы Диамер шаарынын полициясынын өкүлү Абдул Вакил билдирди. Анын айтымында, кырсыкка айдоочунун автобусту башкара албай калганы себеп болгон. Бирок айрым бийлик өкүлдөрү автоунаанын тормозу иштебей калганын айтса, башкалары айдоочу уктап кеткенин билдирип жатышат. Автобус Скарду шаарынан Равалпинди калаасына баратканы кабарланды. Читать дальше...

Облус, шаарлардын парады, эстафета. Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи видеодо

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары (УКО) Талас облусунда өттү. Оюндар 16-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин созулду. Ага өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарлары катышты.

23-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай 23-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 20…25; Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25; Ош жана  Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18,... Читать дальше...

20 секунд гана беттешкен UFC мушкерине күйөрмандар таштанды ыргытты. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

UFC турниринде мексикалык мушкердин бармагы америкалык атаандашынын көзүнө тийип кеткен. Мындан улам мушкер бир канча убакыт өзүнө келе албай турган. Дарыгерлер аны мелдешти уланта албайт деп чечим чыгарышкан.

Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайра шайланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды. Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте партиянын VI съезди өтүп, анда партиянын саясий кеңеши төрагалыкка Исаевдин талапкерлигин көргөзгөнү белгилүү болду. «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жыл апрелде негизделип, аны ишкер Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн. Ал бүгүнкү курултайда партиянын жетекчилигине партиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков менен Алмазбек Баатырбековдун да талапкерлигин сунуштаган. Читать дальше...

Короодо коркунуч жараткан трансформатор

Azattyk.org 

Нарын шаарынын тургуну Эркин Күнтубаева үйүнүн түбүндө орун алган электр трансформаторду алдыра албай соттон сотко кайрылып жүрөт. Трансформатор анын короосунун ичинде жайгашкан. Ал эми Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчилиги көмөк чордон муниципалдык жердин аймагында экендигин сотто далилдеп, эч кайда жылдырбайбыз деп көшөрүдө. Бул талашта коопсуздук маселеси акыркы орунга чыгып турат.

Исаев: шайлоодо берген убадалар толук аткарылган жок

Azattyk.org 

«Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев партия шайлоодо берген убадаларын толук аткара албаганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда партиянын VI съездинде билдирди. Исаев убадалардын аткарылбай калышын Жогорку Кеңеште «Кыргызстан» фракциясынын 18 гана депутат болгону менен байланыштырды. Ал эми партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөлгөн балдарга берилип жаткан сүйүнчү пул, трансформация болгон жерлер жана акыркы жылдары... Читать дальше...

Саруу айылында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 22-сентябрда Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылдык кеңешинин депутаттары шайланууда. Анда айылдык үч округдун 5193 шайлоочулары төрт шайлоо тилкесинде добуш берүүдө. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Алымбаев талапкерлерди тандоо тынч өтүп жатканын билдирди. -Бүгүнкү добуш берүү эртең менен 8:00дө башталып, азыр тынч жана өз нугунда өтүп жатат. Буга чейин 80 талапкер шайлоого катышуу үчүн документ өткөрсө, анын 79у ат салышууда. Эртең мененки саат 10:00го алынган маалыматтарга караганда 335 адам добуш берди... Читать дальше...

Чуулгандуу мушташтан кийин камалгандардын абактан алган жаракаты иликтенүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалып, №1 тергөө абагында жаткан Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков эмнеден улам жаракат алганы иликтенип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. -Биздин тергөөчүлөр алар эмнеден жаракат алганын, ким күнөөлүү экенин иликтеп жатышат. Анткени биз камакта жаткандардын бир жери сыйрылса эле көңүл бурабыз. Иликтөө амалдарынын жыйынтыгында ким күнөөлүү экенин билебиз, - деди Сабатарова. Читать дальше...

Бишкекте «Кыргызстан» партиясынын курултайы өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 22-сентябрда «Кыргызстан» саясий партиясынын VI съезди өтүп жатат. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, курултайда партиянын лидеринин отчёту угулуп, лидерди шайлоо болот жана саясий кеңештин курамына өзгөртүү киргизүү маселеси каралат. Партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов «Азаттыктын» кабарчысына партиянын төрагасы алмашпай турганын, учурдагы партия лидери менен эле шайлоого барышарын айтты. Съездге 1175 делегат катышып жатат. Читать дальше...

II Улуттук көчмөндөр оюну Ош облусунда өтөт

Azattyk.org 

21-сентябрда Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюну жыйынтыкталып, II Улуттук көчмөндөр оюну 2021-жылы Ош облусунда өтөөрү белгилүү болду. Биринчи республикалык деңгээлдеги көчмөндөр оюндарынын жабылышына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт мүчөлөрү катышты. Анда сөз сүйлөгөн өлкө башчы Улуттук көчмөндөр оюндары кезек-кезеги менен Кыргызстандын бардык облустарында өтөөрүн айтты. Таласта оюндар 16-21-сентябрь күндөрү болду. Талас шаарындагы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *