Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 14.10.2019

"Москва иши" боюнча дагы төрт адам кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети быйыл жайында Москва шаарындагы нааразылык акцияларына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында төрт адамды камакка алынганын ырастады. Егор Лесных, Максим Мартинцов, Андрей Баршай жана Владимир Емельянов "бийлик өкүлдүнө күч колдонгон" деп шектелип жатат. Тергөө комитети "Москва иши" боюнча дагы эки адамга издөө жарыяланганын маалымдады. Буга чейин ушундай эле айып менен беш адам камакка алынган, алардын төртөө эркинен ажыратылып, актер Павел Устинов шарттуу түрдө кесилген. Читать дальше...

«Манас» аэропортунда арабөк калган кызматкерлер

Azattyk.org 

«Манас» эл аралык аэропортунун 40тай кызматкери бүгүн жетекчиликтин акыркы чечимдерине нааразылыгын билдирип чыкты. Алардын айтымында, аэропорттун жетекчилиги бир нече коопсуздук кызматкерин акы төлөнбөгөн эс алууга чыгууга мажбурлап жатат.

Тажикстанда окуучу кызды өпкөн мугалим 17,5 жылга соттолду

Azattyk.org 

Тажикстанда Хатлон облусунун Яван райондук соту «Нурбахш» лицейинин 58 жаштагы мугалими Мирзохон Алиев 12 жаштагы окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп таап, аны 17,5 жылга эркинен ажыратты. Анын туугандары бул айып негизсиз экенин, шахмат боюнча мелдеште жеңген окуучусун чын пейилинен кубанып өөп гана койгону үчүн жазага тартылып жатканын айтып чыгышты. Мугалимдин балдарынын айтымында, атасы ур-токмоктон улам тергөөдө күнөөсүн мойнуна алууга мажбур болгон. Секелек кыз жеңүүчү болгон шахмат боюнча мелдеш ушул жылдын апрель айында болгон. Читать дальше...

Зоот кийген жоокерлердин таймашы

Azattyk.org 

Бишкекте «орто кылымдагы согуш өнөрлөрү» аттуу фестиваль өттү. Ага 40 жоокер катышып, кылыч менен таймашып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.

Атамбаевди сотко алып келүү машакаты

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы баштапкы соттук жыйын кайра жылдырылды.

Дамаск армияны күрддөргө жардамга жөнөттү

Azattyk.org 

Сириядагы күрддөрдүн лидерлери Москва арачылык кылган сүйлөшүүлөрдө Башар Асад өкмөтү менен азырынча чек арага аскерлерди гана жайгаштыруу жөнүндө кеп болгонун билдиришти. Ал эми саясий маселелер кийинчирек талкууланмакчы.

Батукаевдин иши: Атамбаев сотко дагы келген жок

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы баштапкы соттук угуу 15-октябрга калды. Буга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн экинчи ирет баш тартканы себеп болду. Ушундан улам судья Атамбаевди сотко алып келүү боюнча токтом чыгарды. Мурдагы президенттин жактоочулары Атамбаев жараянга катышуудан баш тартканына карабай судья аны мажбурлоо жолу менен алып келүү тапшырмасынын бергенин, бул мыйзамсыз экенин айтышууда.

Сузакта ардагерлер борбору ачылды

Azattyk.org 

Райондун Багыш айыл аймагынын имаратында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен улгайган адамдардын борбору ачылды. Борборго жашы 50дөн ашкан адамдар тартылып, аларга адистер жана окутуучулар көл өнөрчүлүктү, жүндү кайра иштетүүнү жана компьютерде иштөөнү үйрөтүшөт. Мындан сырткары жума сайын психологдордун сабактары да каралган. Ошондой эле карылар чогулуп көркөм тасмаларды да бирге көрө алышат. Борбордун негиздөөчүсү «Аймира» коомдук фондунун төрайымы Анаргүл Машаева долбоор бир жылга пландалганын билдирди. Читать дальше...



Сакалчан ырчы президентке даттанды

Azattyk.org 

Сириянын өкмөтү күрт кошуундарына Түркиянын операциясына каршы турууга жардам бермей болду. Жапониянын "Хагибис" тайфунунан кийин бир катар аймактарда издөө иштери уланууда.

"Бардык кыйынчылыкты жеңдим"

Azattyk.org 

Ангелина Гаранинанын бала кезинде бутунда пайда болгон шишик өсмөгө (рак) айланган. Ага 11 жашында Орусияда операция жасалып, дарыгерлер кыздын бир бутун кесип салышкан. Ошол күндөн тартып Ангелина протез кийип жүрөт. Ангелина жарым жыл мурун моделдик ишин баштаган. 20 жаштагы модел сулуулук сынагында 3-орунду жеңип алды.

5 млн. долларлык иш үчүн кармалган Мирлан Бегалиев үй камагына чыккан

Azattyk.org 

2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү бүгүн ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы... Читать дальше...

Сот «Тажикстан улуттук альянсын» экстремисттик уюм деп тапты

Azattyk.org 

Тажикстанда Жогорку сот «Тажикстан улуттук альянсын» экстремисттик жана террордук уюмга теңеген өкүм чыгарды. Бул уюмду былтыр негизинен ушул тушта чет өлкөдө бозгунда жүргөн тажик оппозициячыл саясатчылар түзгөн жана курамында өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы, «Эркин ой жүгүрткөндөрдүн Конгресси», «Тажикстандагы реформа жана өнүгүү» жана «Борбор Азия мигранттарынын конгресси» деген уюмдар бар. «Тажикстан улуттук альянсына» байланыштуу Жогорку сотко быйыл август айында Башкы... Читать дальше...

Экономика боюнча Нобел сыйлыгын алгандар аныкталды

Azattyk.org 

14-октябрда Альфред Нобел атындагы экономика тармагындагы сыйлык дүйнөдөгү жакырчылыкка каршы күрөшкө салым кошкону үчүн америкалык окумуштуулар Абхиджит Банержиге, Майкл Кремерге жана Франция менен АКШнын жарандыгын алып жүргөн экономист Эстер Дюфлого ыйгарылды.  Сыйлыкты тапшырган Швециянын Падышалык академиясы билдиргендей, үч окумуштуу жүргүзгөн сыноолор дүйнөдөгү жакырчылыкка каршы күрөштүн эң мыкты жолдорун аныктоого жардам берген.  - Дүйнөлүк жакырчылыктын деңгээлин азайтуу - фундаменталдуу жана чечилиши өтө кыйын көйгөй. Читать дальше...

Орусия: мушташтан кийинки депортация

Azattyk.org 

Орусиядагы калайман мушташтан кийин 11 кыргызстандык мигрант өлкөдөн чыгарылды.Тажикстанда боз уландарды укук коргоо органдары үйүнөн cүйрөп чыгып, көчөдөн, коомдук транспорттон кармап, аскерге алып кетишүүдө. "Каректе Евразия" берүүсүндө ушул баяндар жана бир туугандарды ажыраткан Берлин дубалы тууралуу тасманы да сунуштайбыз.

С. Жээнбеков С. Абэге көңүл айтты

Ca-irnews.com (kg) 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге “Хагибис” тайфунунун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, Асановдун иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бирок учурда генерал суракка чакырыла элек. Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган. Читать дальше...

Польшадагы шайлоодо улутчулдар утту

Azattyk.org 

Польшадагы шайлоодо оңчул «Мыйзам жана калыстык» партиясы 45% көп добуш топтоп, алдыга чыкты. Бул партия 2015-жылдан бери бийликте. Оппозиция соңку төрт жылда «сот системасынын көз карандысыздыгына шек келтирип, бөтөнчө пикирдегилерди басууга аракет кылууда» деп бийликти сындап келатат.

15-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Аба ырайы: 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16; Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22; Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7... Читать дальше...

Евробиримдик «Петров» менен «Бошировго» каршы санкциянын мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин кеңеши химиялык курал колдонгону үчүн ушул жылдын башында тогуз кишиге салган санкциясынын мөөнөтүн 2020-жылдын 16-октябрына чейин узартты. Бул санкциялык тизмеге кирген тогуз адамдын бешөө Сириянын, төртөө Орусиянын жарандары. Алар - Орусиянын Башкы штабынын башкы башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков менен анын биринчи орун басары Владимир Алексеев жана Анатолий Чепига менен Александр Мишкин. Соңку экөө санкциялык тизмеде «Александр Петров» жана «Руслан Боширов» деген ысым менен жазылган. Читать дальше...

Ошто уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турган, «Казак» аттуу каймана аты бар М.У. аттуу жаран Ошто камакка алынды.  Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык Ош шаардык соту 12-октябрда анын баш коргоо чарасын карап, бир айлык мөөнөткө абакта кармоо боюнча чечим чыгарды. Кылмышка шектүү 23 жаштагы жаранга күч колдонуп, кыйнаганы үчүн кармалган. Бул фактыны иликтөө учурунда 16 жаштагы кызды күч колдонуп токмоктоп... Читать дальше...

Сакалчан өзбекстандык ырчы президентке даттанды

Azattyk.org 

«San Jay» деген сахна аты менен таанымал, өзбекстандык ырчы жана композитор Санжар Жавбердиев президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды. Ал «YouTube» порталына жарыялаган видео кайрылуусунда сакалынан улам ага концерт берүүгө жана телеканалдарга чыгып ырдоого мүмкүнчүлүк берилбей жатканына даттанды. 41 жаштагы ырчы «Өзбекконцерттен» лицензия алганына карабастан, сакал коюп жүргөнү үчүн эле укугу чектелип жатканын белгиледи. Ырчынын билдирүүсүнө президент Мирзиёевдин басма сөз кызматы же «Өзбекконцерт» мамлекеттик мекемеси жооп кайтара элек. Читать дальше...

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдөн боюн таштады

Azattyk.org 

Бишкектеги Никитин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жетинчи кабатынан 14 жаштагы өспүрүм секирип кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 11-октябрда болгон. Аталган өспүрүм алган жаракатынан улам эсине келбей каза тапты. Учурда өспүрүм мындай окуяга кабылышына эмне себеп болгону аныкталууда. Айрым маалымат каражаттары каза болгон өспүрүм достору менен бирге дүкөндөрдүн биринен шоколад уурдаганы билинип калган соң ушундай кадамга барганын жазып чыккан. Бирок мындай маалыматты милиция бышыктай элек. Читать дальше...

Жапония: тайфунга кабылган аймактарда издөө иштери уланууда

Azattyk.org 

Жапониянын «Хагибис» тайфуну каптаган аймактарда жалпысынан 110 миңдей куткаруучу, алардын ичинде 30 миңден ашуун аскер кызматкери түнү бою урандылардын алдында калган тургундарды издөө менен алек болушту. Кырсыктан каза тапкандардын саны 35ке жеткенин «Kyodo» жаңылыктар агенттиги кабарлады. Дагы бир нече адамдын дайыны чыкпай жатат.  Ылдамдыгы саатына 225 чакырымды түзгөн шамал менен коштолгон тайфун ишемби күнү Жапониянын борбордук жана түндүк аймактарындагы сегиз префектурага чоң бүлгүн алып келди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *