Жарандык коом коррупция менен цензурага каршы
Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган топ бул жолу коррупцияга жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы «REакция 2.0» аттуу акцияга чыгышты.
Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган топ бул жолу коррупцияга жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы «REакция 2.0» аттуу акцияга чыгышты.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондорго коюлган эстеликтин жанында «REакция 2.0» деген тынчтык митинги болду.
Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандары 18-декабрда кайрадан чырдашып, таш менен бири-бирин урушкан. Бул тууралуу басма сөз каражаттарында жазылып жаткан маалыматтарды Чек ара кызматы ырастады. Мекеменин өкүлү Сажира Чоколоева “Азаттыкка” кабарлагандай, окуя бүгүн 9:30дар чамасында болгон. Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары Хикматулла Пираков менен телефондон сүйлөшүп, чырдын... Читать дальше...
Бүгүн, 18-декабрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондорго коюлган эстеликтин жанында «REакция 2.0» деген тынчтык митинги өтүп жатат. Нааразылык акциясына чыккандар «Кыргызстандагы сөз эркиндигин, мыйзамдардын тебеленишине жана коррупцияга каршы» экенин билдиришүүдө. Алар Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттер бир нече иликтөө жасап, мыйзамсыз иштерди ашкерелегенине карабай президент дагы деле факты талап кылып жатканын сынга алышууда. Читать дальше...
Ирандын президенти Хасан Рухани кечээ, 17-декабрда Малайзияга учаардын алдында кабарчылардын алдында сөз сүйлөп, Американын санкциялары көпкө чейин уланбайт деп билдирди.
Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевдин жактоочусу Март Абдрахманов паранын далили катары алынган 200 миң доллардын кайда экенин териштирүү үчүн Аскер прокуратурасына арыз жазды. Анын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, арыз 6-декабрда берилип, 12-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. - Райондук сотто 200 миң АКШ долларды көрсөткүлө деп сотко өтүнүч бергенибиз менен аны көрсөтпөй коюшту. Тергөөчү акчаны... Читать дальше...
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баку шаарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы карым-катыш жана парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жумабеков кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун Азербайжан элине жолдогон саламын айтып, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын IX пленардык жыйынын жемиштүү өткөрүп алышына тилектеш экенин билдирди. Өз кезегинде... Читать дальше...
"Ачык өкмөт" өнөктөштүгү долбоорунун аткарылышы жай жүрүп жатат. Учурда долбоордун 20 пайызы гана ишке ашты.
Ош мамлекеттик университетинин имаратында мигранттардын эл аралык күнүнө карата ири жармаңке өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 15 мамлекетинин фирмаларынын өкүлдөрү бош жумуш орундарын сунушташууда. Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасы Болотбек Ибраимжановдун айтымында, жармаңкеде 3000ден ашуун бош орундар жарыяланды. Анын ичинде студенттер үчүн алардын кесибине байланыштуу Европага үч айдан бир жылга чейинки жумуш орундары бар. Учурда чет элде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны миллиондон ашуун экени айтылат. Читать дальше...
Түркиянын президенти Женевада Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы менен жолугушту.
Кырккелди Кыдырбаев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды. 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында анын талапкерлигин 55 депутат колдоп, эки депутат «каршы» добуш берди. Анын талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. Конституциялык палатанын судьялыгына жаңы шайланган Кыдырбаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал буга чейин президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматында иштеп келген. Читать дальше...
Орусия Федерациясынын Алтай аймагында 20 тонналык ак жана жашыл нефрит ташын чек арадан мыйзамсыз алып өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги аталган өлкөнүн Сибирь бажы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен жазды. - Казакстанга жана Кыргызстанга бараткан 50 млн. рублдик 20 тонна минералды шектүүлөр жүк ташуучу автоунаа менен Алтай аймагынын "Веселоярск" бекети аркылуу алып өтүүгө аракет кылышкан. Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда товарды коштогон жасалма документтер көрсөтүлгөн... Читать дальше...
Сириянын Пекиндеги элчиси Американын Батыш Азия аймагында үстөмдүк кылуу аракетине ишара кылып, бул өлкөнүн Сириянын кээ бир жерлерин басып алуусу акырында аяктайт деп болжолдоду.
Жогорку сот «Ачык саясат плюс» гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды. Гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова кабарлагандай, сот мындай чечимди 17-декабрда чыгарды. - Гезит бул сумманы көтөрө албайт. Анткени биздин бюджетте мынча акча жок. Ошондуктан Рыспаевге 300 миң сомду төлөп бериш үчүн «Кожобек Рыспаевге бир сом» деген акцияны уюштуруп жатабыз, - деди Мамытова. Депутат Рыспаев... Читать дальше...
Казакстанда Эгемендик күнү нааразылык акциялары менен коштолду. Ондогон актвисттерди полиция кармап кетти. Тажикстан Бангладеште диний билим алган тогуз баланы өлкөгө кайтарды. Беларустун Гродно шаарында Жаңы жыл майрамын утурлай балатылар көргөзмөсү уюштурулду. Орусияда сүт чогултуп, иштеген Жамбул менен тааныштырабыз. "Каректе Евразия" берүүсүндө бул жолу ушул баяндарды сунуштайбыз.
Ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев менен жолугушкан учурда билдирди. Жолугушууда өкмөт башчыга бажы органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажы жол-жоболорун модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылды. Өкмөт аппаратынан кабарлашкандай, монитордон реалдуу убакытта... Читать дальше...
Учурда дүйнөдө кесибине байланыштуу 389 журналист жана ЖМК кызматкери камакта отурат.
Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогунда (Боом капчыгайы) сегиз жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик компаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына караганда, кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок. Кырсыкка байланыштуу Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогу убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги поезд көмүр ташып баратканын... Читать дальше...
Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин райондук сотто кароо жаңы жылга чейин аякташы мүмкүн. Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев 20-декабрда же 23-декабрда өкүм чыгышы ыктымалдыгын "Азаттыкка" билдирди. Ленин райондук сотунда 18-декабрда экс-мэрлерге байланыштуу соттун кезектеги отуруму болот. Анда жарыш сөз уланат. Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган. Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда... Читать дальше...
Мамлекеттик миграция комитети мигранттардын эл аралык күнүнө карата Ошто ири жармаңке уюштурууда. 18-декабрда Ош мамлекеттик университетинин имаратында дүйнөнүн 15 мамлекетинин фирмаларынын өкүлдөрү бош орундардын тизмесин жарыялап, баштапкы кабыл алуу иштери жүргүзүлөт. Анда 3000ден ашуун вакансия жарыяланары расмий кабарланды. Ушул эле күнү Оштогу "Шанхай Сити" мейманканасында "Мигрант: кечээ, бүгүн, эртең" деген аталышта эл аралык форум болот. Бишкектеги "Smart отелде" мигранттардын абалын талкуулаган конференция уюштурулат. Читать дальше...
Өзбекстанда мыйзамдан жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн эркинен ажыратуу жазасы каралган норманы алып салуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин башчысы Комил Алламжонов билдирди. Анын айтымында, апта башында президент Шавкат Мирзиёев мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого арналган токтомго кол коюп, жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн эркинен ажыратуу жазасы каралган норманы алып салуу тапшырмасын берген. Токтомго ылайык, Жогорку соттун пленуму... Читать дальше...
Орусия Сириядагы Тартус портун модернизациялоого 500 миллион доллар коротот. Бул тууралуу өлкөнүн коргонуу өнөр жай комплекси боюнча вице-премьери Юрий Борисов билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары жакынкы төрт жылдын ичинде бул каражатка Сирияда дагы бир порт курулат. Эки жыл мурда Москва менен Дамаск Тартус портуна Орусия аскер-деңиз флотунун материалдык-техникалык камсыздоо пунктун 49 жылга жайгаштыруу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Быйыл сентябрда портто кеме оңдоо борбору ачылган. Читать дальше...
Эстония президенти Керсти Кальюлайд ички иштер министри Март Хельменин сөзү үчүн Финляндия президенти Саули Ниинистёдон 16-декабрда кечирим сурады. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коомдук телерадиокорпорациясы кабарлады. 8-декабрда Финляндияда жаңы премьер-министр, 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришкен. Башкаруучу коалициядагы беш партиянын баарынын лидерлери аялдар, алардын төртөө 35ке чыга элек. 15-декабрда Эстониянын ички иштер министри Март Хельме TRE радиосунда... Читать дальше...
Египетте Казакстандын элчилигинин кызматкери Еламан Жолдасов белгисиз жагдайда каза болгонун бир канча маалымат сайттары жазышты. Маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги да бышыктап, Египеттин прокуратурасы өлүмдүн чоо-жайын териштирип жатканын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү иликтөөгө катышуу үчүн Египетке кетишти. Баштапкы маалыматтарга караганда, Жолдасовдун сөөгү 13-декабрда Каир шаарында жашаган үйүнүн кире беришинен табылган.
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) уюмдун мурдагы президенти Йозефф Блаттер жана Европа футбол ассоциациясы союзунун (UEFA) мурдагы башчысы Мишел Платининин үстүнөн Швейцария сотуна арыз берди. FIFA Блаттер сегиз жыл мурун Платининин банк эсебине которгон эки миллион долларды артка кайтарууну талап кылууда. 2015-жылы да ушул каражатка байланышкан жаңжалдын артынан Блаттер отставкага кетүүгө мажбур болгон. FIFA жалпысынан 14 адамды коррупцияга айыптап жатат. Блаттер да, Платини да бир канча жолу суракка алынган... Читать дальше...