Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 10.01.2020

ИИМ: Баткендеги кырдаал көзөмөлдө

Azattyk.org 

Өткөн түнү кыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймактардагы кырдаал күч органдарынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Министрлик 10-январга караган түндөгү кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактардагы кырдаал боюнча маалымат берди. Ага ылайык, өткөн түнү алгач Баткен районун Орто-Бөз айылына жакын Жака-Өрүк аймагындагы кыргыз жаранынын автоунаасына, кийинчерээк Достук айылынын тургунун автоунаасына тажик тараптан таш ыргытылып, терезелери талкаланган. Читать дальше...

Кыргыз өкмөтү Казакстанды ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын кезегинен улам кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Анда өкмөт казак тараптын чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келерин эскерткен. “Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык 8-кеңешинде жүк ташуучулардын кызыкчылыгында Казакстандын аймагы аркылуу товарларды... Читать дальше...

«Жетинчи каналда» кожоюн алмашты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» фонду сатып алган «Жетинчи канал» боюнча алды-саттыны жараксыз деп тапкан Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу токтоду

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптан ок атуу токтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда. Баткен облусунун аймагында чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Аскерлердин аракеттерин Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаев көзөмөлдөөдө. Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер болсо кадимки режимде иштеп жатат. 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып... Читать дальше...

Баткен милициясы чек арадагы элди коопсуз аймакка чыгарды

Azattyk.org 

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында жашаган тургундар кыштактагы Шайдулла Ганы орто мектебине жайгаштырылды. Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк жана Көк-Таш айылынын Көчө-Карын аймагында кыргыз жаранынын машинеси талкалангандыгы боюнча факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды. Читать дальше...

Иранда кулаган украиналык учак атайын атып түшүрүлгөнү айтылууда

Azattyk.org 

Тегерандагы кулаган украиналык учакка ракета менен атайын сокку урулган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов маалымат бергенин «Цензор.нет» басылмасы кабарлады.  Данилов учак Орусияда чыгарылган «Тор» ракеталык комлекси менен бутага алынган болушу ыктымал экенин белгиледи.  Иликтөөчү адистер учак кырсыгынын төрт версиясын карап жатышат. Алардын арасында дрон менен кагылышуу, кыймылдаткычтын жарылышы жана учакта бомба жарылган болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Читать дальше...

ДБ: 2020-жылы глобалдык экономикага геосаясий абал коркунуч жаратууда

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк 2020-жылы глобалдык экономиканын өсүш деңгээли төмөн болорун божомол кылууда. Буга эл аралык соодадагы бүдөмүк мамиле жана чыңалган геосаясий абал корунуч жаратат.  Дүйнөлүк банк 8-январда жарыялаган баяндамасында дүйнөдө экономика 2,5% өсөрү айтылат. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 2,4% болуп, адистер бир жылдан кийинки өсүш деңгээли 3% жакын болорун боолголошкон эле.  Дүйнөлүк банктын эсебинде, 2019-жылдагы өсүш он жыл мурунку экономикалык кризистен берки эң төмөн көрсөткүч болду.

Чек ара кызматы Баткендеги чатак тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматы 9-январдан 10уна караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде саат 00.40та белгисиз адамдар кыргыз жаранынын Баткен шаарына бараткан автоунаасын таш менен ургулашканын билдирди. Белгисиз адамдар андан соң Тажикстандын аймагына из жашырып кетишкен. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, машинеде отургандардын арасында жабыркаган кыргыз жарандары бар. Автоунаанын арткы жана каптал айнектери сынган.  Мекемеден алынган маалыматка караганда... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланды

Azattyk.org 

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылган. Азырынча жарадарлар тууралуу маалымат жок. Ош-Баткен автожолунун Орто-Боз айылынан өткөн Жака-Өрүк аймагында кыргыз жарандарынын эки машинеси талкаланганы маалым болду.  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров таңга маал «Азаттыктын» кабарчысына бул окуя тууралуу маалыматты ырастап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *