Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 12.01.2020

Меркел менен Путин дүйнөдөгү кырдаалды талкуулады

Azattyk.org 

11-январда Москвада Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолукту. «Немис толкуну» радиосу кабарлагандай, төрт саатка созулган жолугушууда эки өлкө жетекчилери Ирандагы соңку кырдаал, Сирия менен Ливиядагы аскердик чыр-чатактар, «Түндүк агым - 2» газ кууру жана Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөр боюнча пикир алмашкан. Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында Ангела Меркел Германия «Түндүк агым - 2» долбоорунун катышуучуларына... Читать дальше...

Чек арада түн тынч өттү

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында, түнү бою Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагын милиция жана чек ара кызматкерлери көзөмөлдөштү. - 10-январга караган түнү, 11-январь түнкү саат 02:00 чамасында Көк-Таш айылында туш келди ок атылган. 12-январга өткөн түнү тынч болду. Милиция белгиленген маршрут боюнча кезметте болду. Азыр абал салыштырмалуу туруктуу, - деди Дамира Юсупова. 11-январда... Читать дальше...

Кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү чек арадагы кырдаал боюнча жолугушат

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков башында турган делегация 14-январда Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуу эки өлкө чектешкен аймакта өтөт. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, коопсуздукту бекемдөө, чыр-чатактардын алдын-алуу жана чек араны тактоо иштерин күчөтүү боюнча аракеттер талкууланат. Мындай жолугушуу кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков... Читать дальше...

Тегеранда демонстранттар Хаменеини айыпташты

Azattyk.org 

Ирандын борбору Тегеранда ишемби күнү нааразылык акциясы өттү. Баш калаадагы Технологиялык университеттин имаратынын алдына чогулган жүздөгөн адамдар бийликке каршы ураандарды кыйкырышты. Алардын арасында Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеини сынга алган чакырыктар болгонун социалдык тармактарга тараган айрым видеолордон көрүүгө болот. Өлкөнүн жогорку жетекчилигине каршы акциялар абдан аз өткөн Ирандагы акыркы нааразылык расмий Тегеран өз аймагында кулаган учакты капысынан атып түшүргөнүн моюнга алган соң башталды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *